Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 19-июнундагы № 288-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 24-октябры № 500-б
Бишкек шаарында 2011-жылдын 20-сентябрында Афганистан Ислам Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Пакистан Ислам Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын өкмөттөрү кол койгон, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-сентябрындагы № 426-б буйругу менен жактырылган «САSА-1000» электр энергия берүү долбоорун өнүктүрүү жана Борбордук Азия-Түштүк Азия региондук электр энергия рыногун (САSАRЕМ) андан ары өнүктүрүү тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ишке ашыруу максатында:
1.» САSА-1000» долбоорунун даярдоочу иш-чараларын координациялоо боюнча жумушчу топ төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Жумалиев К.Н. | - Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары, жумушчу тошун жетекчиси;
|
Бактыгулова К.Ж. | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык экономикалык кызматташтык департаментинин директору;
|
Ибраев Т.О. | - «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
|
Калиев А.Р. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын отун-энергетика комплекси жана минералдык ресурстар бөлүмүнүн эксперти;
|
Орозалиев Р.С. | - Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы;
|
Попов Л.Г. | - «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ачык акционердик коомунун капиталдык курулуш жана келечектүү өнүктүрүү бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча). |
2. Жумушчу топтун жетекчисине Тажикстан Республикасынын, Афганистан Ислам Республикасынын жана Пакистан Ислам Республикасынын ушундай жумушчу топтору менен өткөрүлгөн мамлекеттер аралык биргелешкен кеңешмелердин натыйжалары боюнча принциптүү эмес мүнөздөгү чечимдерге кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Жумушчу топко белгиленген тартипте министрликтердин жана ведомстволордун, энергия компанияларынын кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга укук берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-июлундагы № 376-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын отун-энергетика комплекси жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө. Бабанов |