КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 23-июлу № 384-б
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги белгиленген тартипте:
- 1998-жылы чыккан, кыймылдаткыч № 3300265, шасси № 0641778, кузов № 0074416 "ГАЗ-3110" маркасындагы автомашинаны Нарын облусунун Кочкор районундагы "Кочкор" мамлекеттик эксперименттик кой өстүрүү асыл тукум заводу" мамлекеттик ишканасынын балансына өткөрүп берсин;
- кызматтык максаттарга пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги үчүн 2008-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын эсебинен бир жеңил автомашина сатып алууга уруксат берилсин.
2. Автотранспорт сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына жана "Кыргыз Республикасынын министрликтеринде, мамлекеттик комитеттеринде, администрациялык ведомстволорунда жана аткаруу бийлигинин башка органдарында кызматтык жеңил автомашиналарды пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-апрелиндеги № 137 токтомуна ылайык жүргүзүлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнө0ржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |