Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-февралы № 33
2016-жылдын 27-мартына дайындалган Кыргыз Республикасынын Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө
Шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары боюнча 2016-жылдын 12-февралындагы Чүй облусунун Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын № 7; Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын № 3; Ош облусунун Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын № 3, Алай аймактык шайлоо комиссиясынын № 8 жана Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 2016-жылдын 13-февралындагы № 4 чечимдери аркылуу берилген сунуштарынын негизинде жана "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылдын 27-мартына дайындалган Кыргыз Республикасынын Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун тиркемеси тийиштүү жергиликтүү массалык маалымат каражаттарына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага | Т. Абдраимов
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 16-февралындагы № 33 токтомуна тиркеме |
2016-жылдын 27-мартына дайындалган Кыргыз Республикасынын Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары
Чүй облусу
Токмок шаары
Бирдиктүү шайлоо округу
Шайлоочунун саны - 26653
Мандаттын саны - 31
Токмок шаарынын аймагы толугу менен кирет.
Жалал-Абад облусу
Майлуу-Суу шаары
Бирдиктүү шайлоо округу
Шайлоочунун саны - 9641
Мандаттын саны - 31
Майлуу-Суу шаарынын аймагы толугу менен кирет.
Ош облусу
Кара-Суу району
Сары-Колот айылдык кеңеши. Мандаттын саны - 21
№ 1 шайлоо округу (УШК № 5187)
Борбору: Сары-Колот айылындагы К.Жантошев атындагы орто мектебинин имараты.
Шайлоочунун саны - 1659
Мандаттын саны - 9
Чек аралары: Сары-Колот айылынын аймагы толугу менен жана Ак-Колот айылындагы Пазылов Чырмашбайдын үйүнөн төмөн жагы толугу менен кирет.
№ 2 шайлоо округу (УШК № 5188, УШК № 5545)
Борбору: Курбан-Кара айылындагы Н.Исанов атындагы орто мектебинин имараты, Присавай айылындагы № 128 мектебинин негизги имараты.
Шайлоочунун саны - 1400
Мандаттын саны - 7
Чек аралары: Курбан-Кара, Тынчтык жана Присавай айылдарынын аймагы толугу менен кирет.
№ 3 шайлоо округу (УШК № 5191)
Борбору: Шерали айылындагы А.Кулботоев атындагы орто мектебинин имараты.
Шайлоочунун саны – 863
Мандаттын саны - 5
Чек аралары: Шерали айылынын аймагы толугу менен жана Ак-Колот айылындагы Пазылов Чырмашбайдын үйүнөн жогору жагы толугу менен кирет.
Алай району
Коңур-Дөбө айылдык кеңеши. Мандаттын саны - 11
№ 1 "Боз-Караган" шайлоо округу (УШК № 5141)
Борбору: Боз-Караган айылы
Шайлоочунун саны - 1523
Мандаттын саны - 6
Чек аралары: Боз-Караган, Шамаке, Жар-Кыштак, Кара-Шоро айылдарынын чеги.
№ 2 "Арпа-Тектир" шайлоо округу (УШК № 5142)
Борбору: Арпа-Тектир айылы.
Шайлоочунун саны - 1087
Мандаттын саны - 5
Чек аралары: Арпа-Тектир, Кызыл-Ой айылдарынын чеги кирет.
Ноокат району
Көк-Бел айылдык кеңеши. Мандаттын саны - 21
№ 1. Көк-Бел шайлоо округу (УШК № 5370, УШК № 5488)
Борбору: К.Аблакимов атындагы Көк-Бел орто мектеби, Кайынды толук эмес орто мектеби.
Шайлоочунун саны - 2048
Мандаттын саны -14
Чек арасы: Көк-Бел айылындагы Н.Исанов атындагы көчөсүнүн тургуну Жумабаев Манаптын үйүнөн Нуркеев Мамразактын үйүнө чейин. Курук тоголой, Комсомол, Ат-Чабар, Бак, Мектеп, Дон, Алчалуу, Курганбаев Абдыш, Ч.Айтматов, Сулуу Тоголой, Тынчтык Достук көчөлөрүндөгү жашаган шайлоочулар жана Кайынды айылындагы шайлоочулар толугу менен кирет.
№ 2. Н.Исанов шайлоо округу (УШК № 5371)
Борбору: Н.Исанов атындагы орто мектеби
Шайлоочунун саны - 1010
Мандаттын саны - 7
Чек арасы: Көк-Бел айылындагы Н.Исанов атындагы көчөнүн тургуну Дубанаев Абдираимдин үйүнөн Ормошов Мамажандын үйүнө чейин, Ленин көчөсүнүн тургуну Коштаева Бегайдын үйүнөн Тажибаев Эркиндин үйүнө чейинки аралыктар, Ак-Булак, Шеркурбан, Тоголой, Жаштык, Тулпар, Алтын-Казык, Сейдалиев көчөсүнүн Ормошов Шабандын үйүнөн күн батыш тарабы, Ленин көчөсүнүн тургуну Тажибаев Эркиндин үйүнөн күн батыш тарабындагы жашаган шайлоочулар толугу менен кирет.