Редакцияот 13.08.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2008-жылдын 13-августу № 409-б

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик экспертиза башкармалыгына кызматтык максаттарда пайдалануу үчүн бир жеңил автомашина сатып алууга уруксат берилсин.

2. Автомашинаны сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын министрликтериндеги, мамлекеттик комитеттериндеги, администрациялык ведомстволорундагы жана аткаруу бийлигинин башка органдарындагы кызматтык жеңил автомашиналарды пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-апрелиндеги № 137 токтомуна ылайык жүргүзүлсүн.

 

Премьер-министр

И.Чудинов