Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-февралы № 34
2016-жылдын 27-мартына дайындалган Кыргыз Республикасынын Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө
Шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары боюнча 2016-жылдын 12-февралындагы Чүй облусунун Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын № 7; Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын № 3; Ош облусунун Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын № 3, Алай аймактык шайлоо комиссиясынын № 9 жана Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 2016-жылдын 13-февралындагы № 4 чечимдери аркылуу берилген сунуштарынын негизинде жана "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылдын 27-мартына дайындалган Кыргыз Республикасынын Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун тиркемеси тийиштүү жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 16-февралындагы № 34 токтомуна тиркеме |
2016-жылдын 27-мартына дайындалган Кыргыз Республикасынын Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары
Чүй облусу
Токмок шаары
№ 7069 шайлоо участогу
Борбору: - № 3 орто мектеби.
Шайлоочулардын саны: 1377.
Чек арасы: Ибраимов көчөсүнөн Гагарин көчөсү боюнча чыгышка карай Интернациональная көчөсүнө чейин, Интернациональная көчөсү боюнча түштүктү көздөй Токтогул көчөсүнө чейин, Токтогул көчөсү боюнча чыгышка карай Шамшы көчөсүнө чейин, Шамшы көчөсүнөн түштүктү көздөй Ленин көчөсүнүн № 391 үйүнө чейин, № 391үйдүн жанынан батышты карай № 389 үйгө чейин, № 389 үйдү айланып, түштүктү көздөй Ленин көчөсүнө чейин, Ленин көчөсү боюнча батышты карай Д.Бабаев көчөсүнө чейин, Д.Бабаев көчөсү менен түндүк-батышты көздөй Дубовицкая көчүсүнө чейин, Дубовицкая көчөсү боюнча батышты карай Ибраимов көчөсүнө чейин, Ибраимов көчөсү боюнча түндүккө карай Гагарин көчөсүнө чейин.
№ 7070 шайлоо участогу
Борбору: - маданият техникуму.
Шайлоочулардын саны: 1653.
Чек арасы: Шамшы көчөсүнөн Гагарин көчөсү боюнча чыгышка карай Восточная көчөсүнө чейин, Восточная көчөсү боюнча түштүктү көздөй Чкалов көчөсүнө чейин, Чкалов көчөсүнөн атайын участканы айланып, Парковая көчөсүн кесип, чыгышка карай "Бакай Жүзүм" фабрикасынын чегине чейин. "Бакай Жүзүм" фабрикасынын чек арасы менен түштүктү көздөй атайын участканын аймагына чейин, атайын участканын жээгин бойлой № 358 үйгө чейин, № 358 үйдү айланып, Ленин көчөсү боюнча № 352 үйгө чейин, № 352 үйдөн № 389 үйгө чейин, № 389 үйдөн № 391 үйдүн жанынан Шамшы көчөсүнө чейин, Шамшы көчөсү боюнча түндүккө карай Гагарин көчөсүнө чейин.
№ 7071 шайлоо участогу
Борбору: - ТИПТ.
Шайлоочулардын саны: 1201.
Чек арасы: Бабаев көчөсүнөн Ленин көчөсүнөн чыгышка карай № 358 үйдү киргизүү менен, № 358 үйдү айланып, чыгышка карай атайын участканын Чек арасы менен, андан кийин түштүктү көздөй Киров көчөсүнө чейин, Киров көчөсүнөн батышты карай Татарский көчөсүнө чейин, Татарский көчөсүнөн түндүккө карай, Ломоносов көчөсүнө чейин, Ломоносов көчөсүнөн батышты карай Красная көчөсүнө чейин, Красная көчөсүнөн баштап түндүккө карай Борончиев көчөсүнө чейин, Борончиев көчөсүнөн түндүк- чыгышка карай Д.Бабаев көчөсүнө чейин, Д.Бабаев көчөсүнөн баштап түндүк - батышты көздөй Ленин көчөсүнө чейин.
№ 7075 шайлоо участогу
Борбору: - № 1 ТАВЗ АК.
Шайлоочулардын саны:1274.
Чек арасы: Д.Бабаев көчөсүнөн баштап чыгышка карай Киров көчөсүнө чейин, Шамшы көчөсүнөн түштүктү көздөй темир жолго чейин, темир жол боюнча чыгышка карай жашылча базасына чейин, жашылча базасынан түштүктү көздөй Чүй районунун жерлерине чейин, Кыргызкеректөөсоюзунан жашылча базасын айланып түндүккө карай Д.Бабаев көчөсүнө чейин, Д.Бабаев көчөсүнөн баштап түндүккө карай Сарбагышев көчөсүнө чейин, Сарбагишев көчөсүнөн баштап түндүк - батышты көздөй Жантаев көчөсүнө чейин, Жантаев көчөсүнөн баштап чыгышка карай Д.Бабаев көчөсүнөн түндүккө карай Киров көчөсүнө чейин.
№ 7076 шайлоо участогу
Борбору: № 12 орто мектеби.
Шайлоочулардын саны:1564.
Чек арасы: Шамшы көчөсүнөн Киров көчөсү боюнча чыгышка карай "Бакай Жүзүм" фабрикасынын чегине чейин, темир жол бою менен түштүк-батышка карай Шамшы көчөсүнө чейин, Шамшы көчөсүнөн түндүккө карай Киров көчөсүнө чейин.
№ 7063 шайлоо участогу
Борбору: № 6 орто мектеби.
Шайлоочулардын саны: 2284.
Чек арасы: Октябрдын 70 жыл көчөсүнөн Мичурин көчөсүнө чейин, Мичурин көчөсүнөн батышка карай Вальцовая көчөсүнө чейин, Вальцовая көчөсүнөн түндүккө карай айланма чоң жолго чейин, айланма чоң жолдон чыгышка карай Кыргыз көчөсүнө чейин, Кыргыз көчөсүнөн чыгышка карай Пушкин көчөсүнө чейин, Пушкин көчөсүнөн чыгышка карай С.Ибраимов көчөсүнө чейин, С.Ибраимов көчөсүнөн түштүккө Охотничья көчөсүнө чейин, Охотничья көчөсүнөн батышка карай шалбаа жерлерине чейин, шалбаа жерлеринен түштүк-чыгышка карай Родниковая суусуна чейин, Родниковая суусунан батышка карай Октябрга 70 жыл көчөсүнө чейин, Октябрга 70 жыл көчөсүнөн түндүккө карай Мичурин көчөсүнө чейин.
№ 7065 шайлоо участогу
Борбору: - № 4 орто мектеби.
Шайлоочулардын саны: 1340.
Чек арасы: Пушкин көчөсүнөн баштап түндүккө карай Кыргыз көчөсүнө айланма чоң жолго чейин, айланма чоң жолдон чыгышка карай Пролетарский көчөсүнө чейин, Пролетарский көчөсүнөн чыгышка карай Дунларов көчөсүнө чейин, Дунларов көчөсүнөн баштап батышка карай С.Ибраимов көчөсүнө чейин, Ибрагимов көчөсүнөн баштап түндүккө карай Пушкин көчөсүнө чейин, Пушкин көчөсүнөн баштап батышка карай Кыргыз көчөсүнө чейин.
№ 7066 шайлоо участогу
Борбору: - ТТМСХ.
Шайлоочулардын саны: 834.
Чек арасы: Гагарин көчөсүнөн баштап түндүккө карай Ибраимов көчөсүнө чейин, чыгышка карай Пушкин көчөсүнө чейин, Пушкин көчөсүнөн баштап чыгышка карай Ибрагимов көчөсүнө чейин, Ибрагимов көчөсүнөн баштап түштүктү көздөй Дунларов көчөсүнө чейин, Дунларов көчөсүнөн баштап чыгышка карай Уйгурская көчөсүнө чейин, Уйгурская көчөсүнөн баштап түштүктү көздөй Победа көчөсүнө чейин, Победа көчөсүнөн баштап батышка карай Дунганская көчөсүнө чейин, Дунганская көчөсүнөн баштап түштүктү көздөй Гагарин көчөсүнө чейин, Гагарин көчөсүнөн баштап батышка карай Шамшы көчөсүнө чейин, Шамшы көчөсүнөн баштап түштүктү көздөй Токтогул көчөсүнө чейин, Токтогул көчөсүнөн баштап батышка карай Интернациональная көчөсүнө чейин, Интернациональная көчөсүнөн баштап түндүккө карай Гагарин көчөсүнө чейин, Гагарин көчөсүнөн баштап батышка карай Ибраимов көчөсүнө чейин.
№ 7067 шайлоо участогу
Борбору: - № 23 кесиптик лицей.
Шайлоочулардын саны: 985.
Чек арасы: Дунларова көчөсүнөн Пролетарский көчөсүнө чейин түндүккө карай айланма чоң жолго чейин, айланма чоң жол боюнча чыгышка карай Пушкин көчөсүнө чейин, Пушкин көчөсүнөн түштүк-батышка карай Дунларов көчөсүнө чейин, Дунларов көчөсүнөн чыгышка карай Моторная көчөсүнө чейин, Моторная көчөсүнөн Победа көчөсүнө чейин, Победа көчөсүнөн Красноармейский көчөсүнө чейин, Красноармейский көчөсүнөн түштүккө карай Гагарин көчөсүнө чейин, Гагарин көчөсүнөн батышка карай Дунган көчөсүнө чейин, Дунган көчөсүнөн түндүккө карай Победа көчөсүнө чейин, Победа көчөсүнөн чыгышка карай Уйгур көчөсүнө чейин, Уйгур көчөсүнөн түндүккө карай Дунларов көчөсүнө чейин, Дунларов көчөсүнөн батышка карай Пролетарский көчөсүнө чейин.
№ 7068 шайлоо участогу
Борбору: - медколледждин жатаканасы.
Шайлоочулардын саны: 1744.
Чек арасы: Дунларов көчөсүнөн баштап Пушкин көчөсү менен түндүккө карай айланма чоң жолго чейин, айланма чоң жолдон баштап чыгышка карай "Бакай Жүзүм" фабрикасынын чек арасына чейин, "Бакай Жүзүм" фабрикасынын чек арасынан баштап түштүктү көздөй атайын участканын аймагына чейин, андан ары батышка карай Парковая көчөсүнө чейин, Парковая көчөсүнөн баштап батышка карай Восточная көчөсүнө чейин, Восточная көчөсүнөн баштап түндүккө карай Гагарин көчөсүнө чейин, Гагарин көчөсүнөн баштап чыгышка карай Красноармейская көчөсүнө чейин, Красноармейская көчөсүнөн баштап Победа көчөсүнө чейин, Победа көчөсүнөн баштап чыгышка карай Моторная көчөсүнө чейин, Моторная көчөсүнөн баштап Дунларов көчөсүнө чейин, батышка карай Пушкин көчөсүнө чейин, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кенештин депутаттарын шайлоолор жөнүндө" Конституциялык Мыйзамынын негизинде 33-берененин 1-п. № 82 жабык участканын шайлоочулары № 7068 шайлоо участогуна кошулушат.
№ 7062 шайлоо участогу
Борбору: - картон фабрикасы.
Шайлоочулардын саны: 1308.
Чек арасы: тазалоочу курулмаларынан айланма чоң жол боюнча чыгышка карай Вальцовая көчөсүнө чейин, Вальцовая көчөсүнөн түштүк-батышка карай Мичурин көчөсүнө чейин, Мичурин көчөсүнөн Октябрга 70 жыл көчөсүнө чейин, Октябрга 70 жыл көчөсүнөн Родниковая суусуна чейин, Родниковая суусунан түндүккө карай № 107 үйдүн жанынан Ленин көчөсүнө чейин, Ленин көчөсүнөн батышка карай тазалоочу курулмаларга чейин, Ленин көчөсүнөн түндүккө карай айланма чоң жолго чейин. Слободская көчөсүнүн № 40 баштап № 226 үйүнө чейин жана № 65 үйүнөн № 297 үйүнө чейин. Участоктун чегине төмөнкү көчөлөр боюнча үйлөр кирет: Октябрга 70 жыл көчөсүндөгү № 70 үйүнөн № 94 үйүнө чейин, Гоголь көчөсүндөгү № 5 үйүнөн № 42 үйүнө чейин, Есенин көчөсүндөгү № 1 үйүнөн № 53 үйүнө чейин, Мичурин көчөсүндөгү № 1 үйүнөн № 74 үйүнөн чейин.
№ 7072 шайлоо участогу
Борбору: - ДЭП - № 954.
Шайлоочулардын саны: 1027.
Чек арасы: Речная көчөсүнөн баштап В-Луговая көчөсүнө чейин, чыгышка карай Ибраимов көчөсүнө чейин, Ибраимов көчөсүнөн баштап түштүктү көздөй Чүй айылына чейин, Чүй айылы менен чектеш батышка карай Октябрга 70 жыл көчөсүнө чейин, Октябрга 70 жыл көчөсүнөн баштап Набережная көчөсүнө чейин, чыгышка карай Набережная көчөсүнө жетпей чыгышка карай Речная көчөсүнө чейин, Речная көчөсүнөн баштап түндүккө карай В-Луговая көчөсүнө чейин.
№ 7073 шайлоо участогу
Борбору: ОСТО автомектеби.
Шайлоочулардын саны: 586.
Чек арасы: Жантаева көчөсүнөн баштап Ибраимов көчөсү менен түндүккө карай Борончиев көчөсүнө чейин, Борончиев көчөсүнөн баштап чыгышка карай Красная көчөсүнө чейин, Красная көчөсүнөн баштап Ломоносов көчөсүнө чейин, Ломоносов көчөсүнөн баштап чыгышка карай Татарская көчөсүнө чейин, Татарская көчөсүнөн баштап түштүктү көздөй Киров көчөсүнө чейин, Киров көчөсүнөн баштап батышка карай Д.Бабаев көчөсүнө чейин, Заводская көчөсүнөн баштап Жантаев көчөсүнө чейин, Жантаев көчөсүнөн баштап батышка карай Ибраимов көчөсүнө чейин.
№ 7074 шайлоо участогу
Борбору: - № 2 орто мектеби.
Шайлоочулардын саны: 2048.
Чек арасы: Ленин жана Жантаев көчөсүнө кошулган жеринен Ленин көчөсүнөн баштап чыгышка карай Родниковая суусуна чейин, Родниковая суусунан Октябрга 70 жыл көчөсүнө чейин, Октябрга 70 жыл көчөсүнөн баштап шалбаалардан баштап Курчатов көчөсүнө чейин, Курчатов көчөсүнөн баштап түштүктү көздөй Ленин көчөсүнө чейин, Ленин көчөсүнөн баштап батышка карай Октябрга 70 жыл көчөсүнө чейин, Октябрга 70 жыл көчөсүнөн баштап Чүй токой чарбасынын чек арасына чейин жана Чүй районунун чек арасы менен чектешип, түндүк - батышка карай, Ленин көчөсүнө чейин, Слободская көчөсүнө - № 1 үйүнөн № 63 "а" үйгө чейин жана № 2 үйдөн № 38 үйгө чейин.
№ 7064 шайлоо участогу
Борбору: № 1 орто мектеби.
Шайлоочулардын саны: 1279.
Чек арасы: Октябрга 70 жыл көчөсүнөн баштап Ленин көчөсү менен түштүктү көздөй Курчатов көчөсүнө чейин, Курчатов көчөсү менен түндүккө карай Родниковая суусуна чейин, Родниковая суусунан баштап чыгышка карай Речная көчөсүнө чейин, шалбаалардан баштап түндүккө карай Охотничьая көчөсүнө чейин, так сандагы үйлөрдү киргизүү менен Охотничьая көчөсүнөн баштап чыгышка карай Ибраимов көчөсүнө чейин, Ибраимов көчөсүнөн баштап түштүктү көздөй Дубовицкая көчөсүнө чейин, Дубовицкая көчөсүнөн баштап түштүктү көздөй Д.Бабаев көчөсүнө чейин, Д.Бабаев көчөсүнөн баштап түштүк-чыгышка карай Сарбагышев көчөсүнө чейин, Сарбагышев көчөсүнөн баштап түштүктү көздөй Борончиев көчөсүнө чейин, Борончиев көчөсүнөн баштап түштүк-батышты карай Ибраимов көчөсүнө чейин. Ибраимов көчөсүнөн баштап түндүккө карай В-Луговая көчөсүнө чейин, В-Луговая көчөсүнөн баштап батышка карай Речная көчөсүнө чейин, Речная көчөсүнөн баштап түштүккө каналга чейин, канал менен батышка карай Октябрга 70 жыл көчөсүнө чейин.
№ 7077 шайлоо участогу
Борбору: - № 8 орто мектеби.
Шайлоочулардын саны: 1674.
Чек арасы: Сахзавод айылындагы темир жолдон баштап "Бакай Жүзүм" фабрикасынын жерлеринин жанынан Жантаев көчөсүнө чейин, Жантаев көчөсүнөн Ворошилов көчөсү боюнча түштүк-батышка карай Чүй а/ө жерлерине чейин , Чүй а/ө жерлеринин чеги боюнча түндүк-батышка карай темир жолдорго чейин, Чүй а/ө жерлери менен чектеш темир жолдор боюнча түндүк-чыгышка карай "Бакай Жүзүм" фабрикасынын жерлерине чейин.
№ 7078 шайлоо участогу
Борбору: № 7 орто мектеби.
Шайлоочулардын саны: 1576.
Чек арасы: 3-кичи райондогу № 1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 7"а", 8"а", 9, 10, 11, 12, 13, 14, 15, 17, 18, 25, 26, 27, 28 үйлөрү.
№ 7079 шайлоо участогу
Борбору: - № 9 орто мектеби.
Шайлоочулардын саны: 1162.
Чек арасы: 1-кичирайондун №№ 6, 7, 8, 9, 10, 11, 12, 13, 14, 15, 16, 17, 17"а", 18, 19, 25 үйлөрү.
№ 7080 шайлоо участогу
Борбору: - АО "Касиет".
Шайлоочулардын саны: 1260.
Чек арасы: 1-кичирайондун №№ 1, 1а 2, 3, 5 (жатакана), 21, 22, 23, 24 үйлөрү, 3-кичирайон, жатакана 2а ("Весна"), Орозбеков көчөсү 2а, №№ 48, 49, 50, 51, 52, 62, 64, 65, 66, 67, 69, 70, 71, 72 үйлөрү.
№ 7081 шайлоо участогу
Борбору: - поликлиника 3 кичи району.
Шайлоочулардын саны: 477.
Чек арасы: 3 кичи райондогу, № 16, 16"а", 19, 21, 22, 23, 29, 30, 31, 38 (ЖАИ (ПОШ) жатаканасы), 39, 75, эт комбинатынын жатаканасы, Кыргызстанга 50 жыл көчөсүнүн №№ 1, 3, 5 үйлөрү.
Жалал-Абад облусу
Майлуу-Суу шаары
№ 2209 шайлоо участогу
Борбору: Көк-Таш айыл башкармалыгындагы № 7 орто мектеби.
Шайлоочулардын саны: - 1568.
Чек арасы: Заречная көчөсү № 201 үйдөн № 401 үйгө чейин, Доминов, Көк-Таш, Комсомольская, Октябрьская, Транспортная, Садовая, Строительная, Южная, Советская, Ынтымак, Мундуз көчөлөрү толугу менен кирет.
№ 2210 шайлоо участогу
Борбору: № 76 кесиптик-лицейдин имараты.
Шайлоочулардын саны: - 1267.
Чек арасы: Заречная көчөсү № 1 үйдөн № 200 үйгө чейин, Ленин көчөсү № 242 үйдөн акыркы үйгө чейин, Заводская, Достук, Киргизская, Токтогул көчөлөрү толугу менен кирет.
№ 2211 шайлоо участогу
Борбору: № 4 Гагарин атындагы гимназия-мектеби.
Шайлоочулардын саны: - 1185.
Чек арасы: З.Кутманова, Общежития, Островский, I, II Спутник көчөлөрү.
№ 2212 шайлоо участогу
Борбору: Майлуу-Суу лампа заводунун башкармалыгынын имараты.
Шайлоочулардын саны: - 1193
Чек арасы: Советская Армия, III Спутник, Артезианская, Бедре-Сай, Жусупов, Киевская, Крупская, Одесская, Первомайская, Тайгараев, Ташкентская, Түлөбердиев көчөлөрү толугу менен, Ленин көчөсү № 100 үйдөн № 241 үйгө чейин, Загородняя көчөсү № 101 үйдөн акыркы үйгө чейин кирет.
№ 2213 шайлоо участогу
Борбору: Майлуу-Суу колледжинин имараты.
Шайлоочулардын саны: - 1066.
Чек арасы: Юнусалиев, Зябчук, Ключевая, Саматов, Песчаная, Подгорная, Пролетарская, Строительная, Набережная көчөлөрү толугу менен, Загородняя көчөсү № 48 үйдөн № 100 үйгө чейин, Ленин көчөсү № 78 үйдөн № 99 үйгө чейин кирет.
№ 2214 шайлоо участогу
Борбору: Шаардык маданият үйүнүн имараты. Шайлоочулардын саны:-822
Чек арасы: Аркабаев, Сыдыков, Молодежная, Тургунбаев, Дзержинский, Полуостров көчөлөрү толугу менен, Загородняя көчөсү № 1 үйдөн № 47 үйгө чейин, Ленин көчөсү № 26 үйдөн № 77 үйгө чейин, Мира № 19 үйдөн акыркы үйгө чейин кирет.
№ 2215 шайлоо участогу
Борбору: Шаардык спорт залдын имараты.
Шайлоочулардын саны: - 1003.
Чек арасы: Левобережная, Правобережная, Садовая, Намазбеков, Каховский, Верхняя, Почтовая, Коммунистическая, Комсомольская көчөлөрү толугу менен, Мира көчөсүндөгү № 1 үйдөн № 18 үйгө чейин, Ленин көчөсүндөгү № 1 үйдөн № 25 үйгө чейин кирет.
№ 2216 шайлоо участогу
Борбору: Сары-Бээ айыл башкармалыгындагы № 3 орто мектеби.
Шайлоочулардын саны: - 1537.
Чек арасы: 4-й жил. поселок, Буденный, Восточная, Гоголь, Горький, Горняцкая, Дачная, Жалал-Абад, К.Маркс, Калинин, Клубная, Кучербаев, общежитие, Октябрьская, Пионерская, Л.Толстой, Торговая, Шахтерская, Энгельс, Южная, Киров көчөлөрү толугу менен кирет.
Ош облусу
Кара-Суу району
Сары-Колот айыл аймагы
№ 5187 Сары-Колот шайлоо учаскасы
Борбору - К.Жантошев атындагы орто мектеби.
Шайлоочулардын саны - 1659.
Чек арасы: Сары-Колот айылынын аймагы толугу менен жана Ак-Колот айылындагы Пазылов Чырмашбайдын үйүнөн төмөн жагы толугу менен кирет.
№ 5188 Тынчтык шайлоо учаскасы
Борбору - Н.Исанов атындагы орто мектеби.
Шайлоочулардын саны - 1156.
Чек арасы: Курбан-Кара, Тынчтык айылдарынын аймагы толугу менен кирет.
№ 5191 Шерали шайлоо участкасы
Борбору - А.Кулботоев атындагы орто мектеби.
Шайлоочулардын саны - 863.
Чек арасы: Шерали айылынын аймагы толугу менен жана Ак-Колот айылындагы Пазылов Чырмашбайдын үйүнөн жогору жагы толугу менен кирет.
№ 5545 Жаңы-Чек шайлоо участкасы
Борбору - Присавай айылындагы № 128 мектебинин негизги имараты.
Шайлоочулардын саны - 244.
Чек арасы: Присавай айылынын аймагы толугу менен кирет.
Алай району
Коңур-Дөбө айыл аймагы
№ 5141 Боз-Караган шайлоо участогу
Борбору: Боз-Караган айылы, Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн имараты.
Шайлоочулардын саны: 1523.
Чек арасы: - Боз-Караган, Шамаке, Жар-Кыштак, Кара-Шоро айылдарынын аймагы толугу менен кирет.
№ 5142 Арпа-Тектир шайлоо участогу
Борбору: Арпа-Тектир айылы, Арпа-Тектир айылдык маданият үйүнүн имараты.
Шайлоочулардын саны: 1087.
Чек арасы: - Арпа-Тектир, Кызыл-Ой айылдарынын чеги кирет.
Ноокат району
Көк-Бел айыл аймагы
№ 5370 "Кок-Бел" шайлоо участогу
Борбору - К.Абдилакимов орто мектеби.
Шайлоочулардын саны - 1909.
Чек арасы: Көк-Бел айылындагы Н.Исанов атындагы көчөсүнүн тургуну Жумабаев Манаптын үйүнөн Нуркеев Мамразактын үйүнө чейин, Курук тоголой, Комсомол, Ат-чабар, Бак, Мектеп, Дон, Алчалуу, Курганбаев Абдыш, Ч.Айтматов, Сулуу Тоголой, Тынчтык Достук көчөлөрүндөгү жашаган шайлоочулар толугу менен кирет.
№ 5371 "Н.Исанов" шайлоо участогу
Борбору - Исанов орто мектеби.
Шайлоочулардын саны - 1010.
Чек арасы: Кок-Бел айылындагы Н.Исанов атындагы көчөсүнүн тургуну Дубанаев Абдираимдин үйүнөн Ормошов Мамажандын үйүнө чейин, Ленин көчөсүнүн тургуну Коштаева Бегайдын үйнөн Тажибаев Эркиндин үйүнө чейинки аралыктар, Ак-Булак, Шеркурбан, Тоголой, Жаштык, Тулпар, Алтын-Казык, Сейдалиев көчөсүнүн тургуну Ормошов Шабандын үйүнүн күн батыш тарабы, Ленин көчөсүнүн тургуну Тажибаев Эркиндин үйүнүн күн батыш тарабындагы жашаган шайлоочулар толугу менен кирет.
№ 5488 "Кайынды" шайлоо участкасы
Борбору - Кайынды толук эмес орто мектеби.
Шайлоочулардын саны - 139.
Чек арасы: Кайынды айылында жашаган шайлоочулар толугу менен кирет.