РаспоряжениеКүчүн жоготту

КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-августундагы № 424-б (Боинг-737-200 аба кемеси менен 2008-жылдын 24-августунда болгон жана адам курмандыктарына алып келген авиациялык кырсыктын фактысын изилдөө максатында өкмөттүк комиссия түзүү тууралуу) буйругу

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2008-жылдын 24-августу № 424-б

(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 3-сентябрындагы № 443-б буйругунун редакциясына ылайык)

Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында "Assema№ Air" (Иран) авиакомпаниясынын ("Итэк Эйр" авиакомпаниясынан ижарага алынган) каттоо номери ЕХ-009, Боинг-737-200 аба кемеси менен 2008-жылдын 24-августунда болгон жана адам курмандыктарына алып келген авиациялык кырсыктын фактысын изилдөө максатында:

1. Төмөнкүдөй курамда Өкмөттүк комиссия түзүлсүн:

Чудинов И.В. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, комиссиянын төрагасы;

Ташиев М.Ч. - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри, комиссиянын төрагасынын орун басары;

Сулайманов Н.Ч. - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри, комиссиянын төрагасынын орун басары.

 

Комиссия мүчөлөрү:

 

Мамбетов М.А. - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;

Карабаев Э.Ө. - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;

Конгантиев М.Т. - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;

Суталинов М.А. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы;

Ормонов У.З. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Өнөр жай, соода, туризм, чакан, орто бизнести өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы.

(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 3-сентябрындагы № 443-б буйругунун редакциясына ылайык)

2. Боинг-737-200 аба кемеси менен болгон авиациялык кырсыкты териштирүү боюнча Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин 2008-жылдын 26-августундагы N 280 буйругу менен дайындалган комиссия ушул буйрук менен түзүлгөн Өкмөттүк комиссиянын жумушчу органы болуп санала тургандыгы белгиленсин.

(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 3-сентябрындагы № 443-б буйругунун редакциясына ылайык)

3. Өкмөттүк комиссия он күндүк мөөнөттө авиациялык кырсыктын фактысын изилдөөнүн натыйжаларын берсин.

 

Премьер-министр

И.Чудинов