Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 14-августу № 451-б
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 27-апрелиндеги № 211 "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 64 жылдыгын майрамдоо жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку социалдык колдоо көрсөтүү боюнча кошумча чаралары жөнүндө" Жарлыгынын 3-пунктуна ылайык:
1. 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 65 жылдыгын майрамдоону даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети:
- эки айлык мөөнөттө 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 65 жылдыгын майрамдоону даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын жана жүзөгө ашыруу боюнча чараларды көрсүн;
- Бишкек шаарында Жеңиш парадын даярдоого жана өткөрүүгө чыгашалардын сметасын 2009-жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 65 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө зарыл болгон каражатты 2010-жылдын республикалык бюджетинде карасын.
4. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 65 жылдыгын майрамдоону даярдоо жана өткөрүү боюнча чараларды көрүшсүн;
- 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 65 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларды 2010-жылдын апрель-майында коомдук жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн тартуу менен өткөрүшсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги бардык окуу жайларында Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана ооруктун эмгекчи-баатырлары менен студенттердин жана окуган жаштардын жолугушууларын өткөрүшсүн.
6. Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарына юбилейлик иш-чараларды даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүн чагылдыруу сунушталсын.
7. Бул буйрук кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
8. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы № 451-б буйругуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын коргоо министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри;
Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы (макулдашуу боюнча);
Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Согуштун, эмгектин, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ардагерлеринин республикалык кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча).
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министр |
Н.Айтмурзаев |