Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 16-июнундагы № 234-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 14-августу № 452-б
"Айып-Булак", "Сары-Алтын" жана "Кызыл-Кыя тамеки-ферментациялык заводу" акционердик коомдорунун тамеки-ферментациялык заводдорунун мамлекеттик займдык каражаттары боюнча карыз маселелерин кароо максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:
Кожошев А.О. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, комиссиянын төрагасы;
Кандаурова Л.П. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмү башчысынын орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссия мүчөлөрү:
Касейинов К.У. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунун директорунун орун басары;
Жумалиева Э.Б. - Банктарды өзгөртүп кайра түзүү жана карыздарды реструктуралаштыруу боюнча агенттиктин директорунун орун басары (ДЕБРА);
Сакиев А.Э. - "Кыргызтамекиси" мамлекеттик акционердик корпорациясынын башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Абдыкапаров Э.А. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Экономика тармактарын каржылоо башкармалыгынын транспортту, отун-энергетикалык комплекстерди, туризмди каржылоо жана инвестирлөө бөлүмүнүн башчысы;
Кыдыралиев Ж.А. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик мүлк фондунун өнөр жай объекттерин өнүктүрүү жана менчиктештирүү бөлүмүнүн башчысы;
Сманова Э.К. - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Кирешелер башкармалыгынын камсыздандыруу взностору боюнча карыздарды өндүрүү бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча);
Кадышев Б.К. - Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин карыздарды өндүрүү бөлүмүнүн башкы инспектору;
Сарымбетова А.С. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунун агроөнөр жай комплекстеринин кредиттерин кайтаруу бөлүмүнүн башкы адиси;
Айтбаев Р.М. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик мүлк фондунун өнөр жай объекттерин өнүктүрүү жана менчиктештирүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
Султанов К.О. - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигинин мониторинг, болжолдоо жана кайра иштетүү продукцияларын сатуу бөлүмүнүн адиси.
2. Ведомстволор аралык комиссия 2009-жылдын 15-сентябрына чейинки мөөнөттө "Айып-Булак", "Сары-Алтын" жана "Кызыл-Кыя тамеки-ферментациялык заводу" акционердик коомдорунун тамеки-ферментациялык заводдорунун мамлекеттик займдык каражаттары боюнча карыз маселелерин изилдеп-иликтесин жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна сунуштарын киргизсин.
3. Ведомстволор аралык комиссия зарыл учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана мамлекеттик бийликтин башка органдарынын адистерин ишке тартуу укугуна ээ боло тургандыгы белгиленсин.
4. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |