Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 26-августу № 465-б
Маданий-тиричилик арналыштагы объекттерди сактоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети белгиленген тартипте:
- төмөнкүлөрдү өткөрүп берсин:
Баткен облусунун Кадамжай поселкасында жайгашкан "Металлург" маданият үйүн Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин балансына;
Баткен облусунун Кадамжай поселкасында жайгашкан спорт комплексин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иши жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-сентябрындагы № 518 "2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү чечиминин долбоорун киргизсин.
2. "Кадамжай сурьма комбинаты" ачык акционердик коомуна ушул токтомдун 1-пунктунда аталган объекттерди кабыл алууну-өткөрүп берүүнү белгиленген тартипте камсыз кылуу сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иши жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик ушул токтомдун 1-пунктунда аталган объекттерди кабыл алышсын жана максаттуу арналышы боюнча пайдаланышсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |