КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 27-августу № 474-б
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 10-декабрындагы № 632 "Кыргыз Республикасынын "ЭЛТР - коомдук телекөрсөтүү" телерадиоберүү компаниясы жөнүндө" Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын "ЭЛТР - коомдук телекөрсөтүү" телерадиоберүү компаниясынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын "ЭЛТР - коомдук телекөрсөтүү" телерадиоберүү компаниясына өз каражатынын эсебинен, кызматтык пайдалануу үчүн 3 даана автоунаа сатып алууга уруксат берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын "ЭЛТР - коомдук телекөрсөтүү" телерадиоберүү компаниясы автоунаа каражаттарын сатып алууну Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамынын талаптарына ылайык жүргүзсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |