Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2009-жылдын 25-декабрындагы № 721-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 1-сентябры № 483-б
(КР Өкмөтүнүн
2009-жылдын 6-октябрындагы № 564-б буйругунун
редакциясына ылайык)
Мамлекеттик резервге коюлуучу аштык буудай данынын сапатын жакшыртуу, аны өз учурунда жаңыртуу, ошондой эле калктын аз камсыз болгон катмарына мамлекеттик социалдык колдоо көрсөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик:
- мамлекеттик резервден 21,5 миң тонна аштык буудай данын белгиленген тартипте брондон чыгарсын жана ун тартып кийин аны аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө сатсын;
- унду сатуудан келип түшкөн акча каражаттарды республикалык бюджетке жиберсин;
- 21,5 миң тонна көлөмдө брондон чыгарылган азык-түлүк данынын запастарын толтуруунун эсебине келип түшкөн данды кабыл алуу жана сактоо үчүн республиканын региондору боюнча жооптуу сактоочулардын - ишканалардын тизмесин аныктоо.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-октябрындагы № 564-б буйругунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 20 күндүн ичинде бир үй-бүлөгө 50 кг эсебинде ун берүү үчүн 2009-жылга аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн саны жөнүндө маалыматты (разнарядка) тактап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттикке, облустардын жана райондордун мамлекеттик администрацияларына, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына берсин.
3. Облустардын жана райондордун мамлекеттик администрациялары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары:
- ундун сатылышына жараша райондорго жана шаарларга чейин жеткирүүнү камсыз кылышсын;
- "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ун жеткирүү үчүн транспорт кызматтарына мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүшсүн;
- унду сактоону жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги берген разнарядка боюнча гана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө сатууну камсыз кылышсын;
- келип түшкөн акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун алыш-бериш эсебине которушсун;
- сатып өткөрүлгөн ундун саны жана андан түшкөн акча каражаттарын которуу жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жума сайын берип турушсун.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик ушул буйрукка ылайык сатылуучу унга бааны каптын наркын жана райондун борборлоруна, Бишкек жана Ош шаарларына жеткирүү боюнча транспорт чыгымдарын эске алуу менен өз наркынын деңгээлинде белгилесин.
5. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги тартылган ундун сапатын контролдоону камсыз кылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- 2009-жылга бекитилген бюджеттин чектеринде мамлекеттик резервдин азык-түлүктүк буудай данынын запастарын толуктоо үчүн "Кыргыз агроазык-түлүк корпорациясы" ачык акционердик коомун каржылоону жүзөгө ашыруу;
- унду сатуудан келип түшкөн каражаттарды "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун иштеп чыгууда бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүндө эске алсын.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-октябрындагы № 564-б буйругунун редакциясына ылайык)
6-1. "Кыргыз агроазыктүлүк корпорациясы" ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:
- ушул буйруктун тиркемесине ылайык, клейковинасы 23 проценттен кем эмес, 3-класстагы, "Буудай. Даярдоодо жана берүүлөрдөгү талаптар" 9353-90 ГОСТунун талаптарына жооп берген 2009-жылдын түшүмүнөн 21,5 миң тонна азык-түлүктүк буудай данын республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнөн 1 кг үчүн 10,0 (он) сом баасында мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу;
- ушул буйруктун 1-пунктуна ылайык брондон чыгарылган азык-түлүк дандын запасын толуктоо үчүн азык-түлүктүк буудай данын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна берүү.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-октябрындагы № 564-б буйругунун редакциясына ылайык)
7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө, экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө, уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-сентябрындагы № 483-б буйругуна тиркеме |
┌────────────────────┬──────────┬───────────────────────┬─────────────┐
│Облустардын жана │ Себүү │Күтүлүүчү дүң түшүм │Сатып │
│райондордун аталышы │ аянты, га├─────────────┬─────────┤алуу көлөмү │
│ │ │ченөө бирдиги│ саны │(тонна менен)│
├────────────────────┼──────────┼─────────────┼─────────┼─────────────┤
│ 1 │ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │
├────────────────────┼──────────┼─────────────┼─────────┼─────────────┤
│Республика боюнча │403300 │миң тонна │925,8 │21500 │
├────────────────────┼──────────┼─────────────┼─────────┼─────────────┤
│Баткен облусу │22403 │миң тонна │50,2 │931 │
├────────────────────┼──────────┼─────────────┼─────────┼─────────────┤
│Баткен району │3371 │тонна │7915 │164 │
├────────────────────┼──────────┼─────────────┼─────────┼─────────────┤
│Кадамжай району │8720 │тонна │20305 │468 │
├────────────────────┼──────────┼─────────────┼─────────┼─────────────┤
│Лейлек району │7741 │тонна │12173 │258 │
├────────────────────┼──────────┼─────────────┼─────────┼─────────────┤
│Кызыл-Кыя шаары │1261 │тонна │3710 │41 │
├────────────────────┼──────────┼─────────────┼─────────┼─────────────┤
│Жалал-Абад облусу │48275 │миң тонна │132,8 │2911 │
├────────────────────┼──────────┼─────────────┼─────────┼─────────────┤
│Аксы району │3096 │тонна │7368 │99 │
├────────────────────┼──────────┼─────────────┼─────────┼─────────────┤
│Ала-Бука району │8191 │тонна │21706 │484 │
├────────────────────┼──────────┼─────────────┼─────────┼─────────────┤
│Базар-Коргон району │5689 │тонна │16668 │390 │
├────────────────────┼──────────┼─────────────┼─────────┼─────────────┤
│Ноокен району │9059 │тонна │29894 │747 │
├────────────────────┼──────────┼─────────────┼─────────┼─────────────┤
│Сузак району │17449 │тонна │46414 │1060 │
├────────────────────┼──────────┼─────────────┼─────────┼─────────────┤
│Чаткал району │1327 │тонна │1738 │37 │
├────────────────────┼──────────┼─────────────┼─────────┼─────────────┤
│Токтогул району │1791 │тонна │2202 │42 │
├────────────────────┼──────────┼─────────────┼─────────┼─────────────┤
│Тогуз-Торо району │1173 │тонна │1888 │39 │
├────────────────────┼──────────┼─────────────┼─────────┼─────────────┤
│Жалал-Абад шаары │500 │тонна │1295 │13 │
├────────────────────┼──────────┼─────────────┼─────────┼─────────────┤
│Ысык-Көл облусу │77731 │миң тонна │131,0 │4199 │
├────────────────────┼──────────┼─────────────┼─────────┼─────────────┤
│Ак-Суу району │21908 │тонна │36805 │1560 │
├────────────────────┼──────────┼─────────────┼─────────┼─────────────┤
│Жети-Өгүз району │11909 │тонна │19853 │560 │
├────────────────────┼──────────┼─────────────┼─────────┼─────────────┤
│Ысык-Көл району │10502 │тонна │17328 │441 │
├────────────────────┼──────────┼─────────────┼─────────┼─────────────┤
│Тоң району │7251 │тонна │14357 │408 │
├────────────────────┼──────────┼─────────────┼─────────┼─────────────┤
│Түп району │26110 │тонна │42559 │1230 │
├────────────────────┼──────────┼─────────────┼─────────┼─────────────┤
│Нарын облусу │24079 │миң тонна │47,6 │1020 │
├────────────────────┼──────────┼─────────────┼─────────┼─────────────┤
│Ак-Талаа району │5460 │тонна │11265 │245 │
├────────────────────┼──────────┼─────────────┼─────────┼─────────────┤
│Ат-Башы району │1486 │тонна │3000 │50 │
├────────────────────┼──────────┼─────────────┼─────────┼─────────────┤
│Жумгал району │5418 │тонна │9468 │209 │
├────────────────────┼──────────┼─────────────┼─────────┼─────────────┤
│Кочкор району │6783 │тонна │14807 │316 │
├────────────────────┼──────────┼─────────────┼─────────┼─────────────┤
│Нарын району │4925 │тонна │9032 │200 │
├────────────────────┼──────────┼─────────────┼─────────┼─────────────┤
│Ош облусу │73453 │миң тонна │182,0 │3613 │
├────────────────────┼──────────┼─────────────┼─────────┼─────────────┤
│Алай району │494 │тонна │1067 │10 │
├────────────────────┼──────────┼─────────────┼─────────┼─────────────┤
│Араван району │6440 │тонна │19964 │518 │
├────────────────────┼──────────┼─────────────┼─────────┼─────────────┤
│Кара-Кулжа району │2980 │тонна │6526 │76 │
├────────────────────┼──────────┼─────────────┼─────────┼─────────────┤
│Кара-Суу району │23013 │тонна │59373 │823 │
├────────────────────┼──────────┼─────────────┼─────────┼─────────────┤
│Ноокат району │16059 │тонна │39184 │915 │
├────────────────────┼──────────┼─────────────┼─────────┼─────────────┤
│Өзгөн району │20825 │тонна │20604 │1265 │
├────────────────────┼──────────┼─────────────┼─────────┼─────────────┤
│Чоң-Алай району │3642 │тонна │5244 │6 │
├────────────────────┼──────────┼─────────────┼─────────┼─────────────┤
│Талас облусу │16728 │миң тонна │37,8 │762 │
├────────────────────┼──────────┼─────────────┼─────────┼─────────────┤
│Бакай-Ата району │4500 │тонна │10665 │230 │
├────────────────────┼──────────┼─────────────┼─────────┼─────────────┤
│Кара-Буура району │4968 │тонна │11476 │250 │
├────────────────────┼──────────┼─────────────┼─────────┼─────────────┤
│Манас району │4501 │тонна │10217 │222 │
├────────────────────┼──────────┼─────────────┼─────────┼─────────────┤
│Талас району │2799 │тонна │5430 │60 │
├────────────────────┼──────────┼─────────────┼─────────┼─────────────┤
│Чүй облусу │140349 │миң тонна │343,9 │8064 │
├────────────────────┼──────────┼─────────────┼─────────┼─────────────┤
│Аламүдүн району │10460 │тонна │29450 │558 │
├────────────────────┼──────────┼─────────────┼─────────┼─────────────┤
│Жайыл району │23726 │тонна │47923 │1100 │
├────────────────────┼──────────┼─────────────┼─────────┼─────────────┤
│Кемин району │11416 │тонна │31213 │603 │
├────────────────────┼──────────┼─────────────┼─────────┼─────────────┤
│Москва району │23260 │тонна │48613 │1335 │
├────────────────────┼──────────┼─────────────┼─────────┼─────────────┤
│Панфилов району │16596 │тонна │37745 │735 │
├────────────────────┼──────────┼─────────────┼─────────┼─────────────┤
│Сокулук району │28284 │тонна │74541 │2065 │
├────────────────────┼──────────┼─────────────┼─────────┼─────────────┤
│Ысык-Ата району │17499 │тонна │46481 │1200 │
├────────────────────┼──────────┼─────────────┼─────────┼─────────────┤
│Чүй району │9108 │тонна │29660 │468 │
└────────────────────┴──────────┴─────────────┴─────────┴─────────────┘
Кыргыз Республикасынын Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - министр |
Н.Айтмурзаев |