РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-сентябрындагы № 491-б (Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен алынган жүргүнчүлөр үчүн автобустарды кабыл алуу-өткөрүп берүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамын түзүү тууралуу) буйругу

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2009-жылдын 3-сентябры № 491-б

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Техникалык-экономикалык кызматташуу жөнүндө 2009-жылдын 4-мартындагы макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара алмашуу каттарын аткаруу максатында:

1. Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен алынган жүргүнчүлөр үчүн автобустарды кабыл алуу-өткөрүп берүү боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Комиссия белгиленген тартипте:

- Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнөн жүргүнчүлөр үчүн автобустарды кабыл алсын;

- кабыл алынган жүргүнчүлөр үчүн автобустарды төмөнкүлөрдүн балансына өткөрүп берсин:

Бишкек шаарынын мэриясына - 153 даана;

Ош шаарынын мэриясына - 30 даана.

3. Комиссиянын жетекчисине мамлекеттик органдардын жана мекемелердин адистерин белгиленген тартипте жумушка тартууга уруксат берилсин.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

И.Чудинов

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-сентябрындагы № 491-б буйругуна тиркеме

 

Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын

эсебинен алынган жүргүнчүлөр үчүн автобустарды кабыл

алуу-өткөрүп берүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын

КУРАМЫ

 

Бекбоев З.И. - Бишкек шаарынын вице-мэри, ведомстволор аралык комиссиянын жетекчиси.

 

Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:

 

Касыкенов Ж.К. - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин транспорт башкармалыгынын начальниги;

Азимканов А.А. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин укуктук экспертиза башкармалыгынын начальнигинин орун басары;

Орусбаев И.А. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш өлкөлөрүнүн департаментинин Азия биринчи бөлүмүнүн башчысы;

Бейшенбаев Р.К. - Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын начальниги.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппарат жетекчиси - министр

 

Н.Айтмурзаев