Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 7-сентябры № 479-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-апрелиндеги № 166-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик:
- Бишкек шаарынын ЖЭБинде сактоодо турган "ТКМ-16" маркасындагы 2965 тонна жагуучу мазутту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан белгиленген баа боюнча "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна белгиленген тартипте сатсын;
- жагуучу мазутту сатуудан түшкөн акча каражаттарын республикалык бюджетке жиберсин.";
- 2-пункт күчүн жоготту деп табылсын:
- төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:
"2-1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жагуучу мазутка бааны релгилесин.".
Премьер-министр | И.Чудинов |