Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 22-январы № 21-б
1. Эки тараптуу консультацияларды өткөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индонезия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Меморандумдун мамлекеттик тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Ибраимов Эрмек Султановичке принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда көрсөтүлгөн Меморандумга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индонезия Республикасынын Өкмөтү (мындан ары "Тараптар" деп аталуучу);
эки өлкөнүн ортосундагы мурунку мамилелерин өз мамлекеттеринин колдонуудагы мыйзамдарына ылайык андан ары чыңдоону каалап;
өз ара кызыкчылыктарды туудурган эки тараптуу мамилелердин бардык аспектилери боюнча, ошондой эле эл аралык маселелер боюнча адилет жана иштиктүү сүйлөшүүлөр эки өлкөнүн ортосунда достук мамилелердин өнүгүшүнө жана өз ара түшүнүүгө көмөктөшөөрүнө бекем ишенүү менен;
төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-статья. Максаттар
Тараптар Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Индонезия Республикасынын Тышкы иштер департаменти аркылуу министрлердин деңгээлинде жана жогорку деңгээлде Тараптар ортосунда өз ара кызыкчылык туудурган ар кыл тармактардагы кызматташууну өнүктүрүүгө жана эки тараптуу консультацияларды өткөрүүгө көмөктөшүү үчүн консультациялык кеңешмелерди өткөрүп турушат.
2-статья. Кызматташуу чөйрөлөрү
Тараптар өз ара кызыкчылыктарды туудурган маселелер боюнча консультацияларды жана пикир алмашууну өткөрүшөт, тактап айтканда:
- саясий, маданий, социалдык, экологиялык чөйрөлөрдө, ошондой эле билим берүү тармагында;
- экономика, соода жана инвестиция мамилелерин камтыган эки тараптуу маселелер боюнча, ошондой эле өз ара кызматташууну өнүктүрүү жана диверсификациялоо маселелеринде; жана
- Бириккен Улуттар Уюмунун алкагында өз ара аракеттенүү жана кызматташуу маселелерин камтыган региондук жана глобалдуу маселелер боюнча.
3-статья. Консультациялардын механизми
1. Консультациялар жыл сайын же ар кандай убакта Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча кезеги менен Кыргыз Республикасында жана Индонезия Республикасында өткөрүлүп турат. Убактысы, орду, күн тартиби жана консультациялардын өкүлчүлүгүнүн деңгээли Тараптар менен дипломатиялык каналдар боюнча макулдашылат.
2. Тараптардын ортосундагы алмашуулардын натыйжасында алынган консультациялардын жыйынтыгын, документтердин жана маалыматтардын сырын Тараптар кепилдикке алышат. Мында маалыматты үчүнчү тарапка берүү Тараптардын макулдугу боюнча гана ишке ашырылат.
3. Зарыл болгон учурда Тараптар өз ара макулдашуу боюнча конкреттүү маселелерди чечүү үчүн атайын жумушчу топту түзө алышат.
4-статья. Толуктоолор жана өзгөртүүлөр
Тараптар өз ара макулдашуу боюнча бул Меморандумга түзөтүүлөрдү киргизиши мүмкүн. Ар кандай түзөтүү ушул Меморандумдун 6-статьясынын 1-пунктунда көрсөтүлгөн тартипте күчүнө кирет жана ушул Меморандумдун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет.
5-статья. Талаш-тартыштарды чечүү
Бул Меморандумду колдонуудан же чечмелөөдөн келип чыккан ар кандай талаш-тартыштар Тараптардын ортосунда консультациялар же сүйлөшүүлөр аркылуу жөнгө салынат.
6-статья. Күчүнө кириши, мөөнөтү жана иш-аракетин токтотушу
1. Бул Меморандум эки Тарап ага кол койгон учурдан баштап күчүнө кирет.
2. Бул Меморандум 5 (беш) жыл бою күчүндө калат жана бул мөөнөт бүткөндө эгерде Тараптардын бири анын иш-аракетинин мөөнөтү токтогонго чейин 6 (алты) айдан кечиктирбестен бул Меморандумдун колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө билдирбесе, кийинки беш жылдык мезгилге узартылат.
3. Бул Меморандумдун колдонулушу токтогондон кийин Тараптар ушул Меморандумдун алкагында так аныкталган мөөнөттөрдө жана шарттарда түзүлгөн бардык учурдагы программалардын андан аркы аткарылышын аныкташат.
Жогорудагыларды ырастоо менен төмөндө кол койгондор, тиешелүү түрдө өз өкмөттөрүнүн ыйгарым укуктуу адамдары катары ушул Меморандумга кол коюшту.
_________ шаарында _______- жылдын "___" _________ эки түп нускада, кыргыз, индонезия жана англис тилдеринде түзүлдү. Бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Тексти чечмелөөдө айырмачылыктар болсо англис тилиндеги текстке артыкчылык берилет.
Кыргыз Республикасынын Индонезия Республикасынын
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн