Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2010-жылдын 12-августундагы № 33-р буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 23-январы № 22-б
Өзбекстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 2004-жылдын 24-июлундагы алтынчы заседаниесинин протоколуна ылайык "Узбекнефтегаз" улуттук холдинг компаниясынын балансынан "Түндүк Сох", "Чоңгара-Гальча" нефтегаз кендерин өткөрүп берүү жөнүндө маселени чечүүнү тездетүү максатында:
1. "Амин" жоопкерчилиги чектелген коомуна "Узбекнефтегаз" улуттук холдинг компаниясынын балансынан "Түндүк Сох", "Чоңгара-Гальча" нефтегаз кендерин жана Кыргыз Республикасынын юрисдикциясына өткөрүп берүү жөнүндө маселени өзбек тарап менен иштеп чыгууга уруксат берилсин.
2. "Амин" жоопкерчилиги чектелген коомуна зарыл инвестицияларды тартуу менен нефти жана газ алуу боюнча өткөрүп берилген нефтегаз объекттерин андан ары иштетүүнү уюштуруу тапшырылсын.
3. Ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн кендерден алынган нефтини Жалал-Абад шаарынын нефтини кайра иштетүүчү заводунда кайра иштетүүдөн алынган даяр нефтепродуктулары Кыргыз Республикасынын ички рыногунда сатылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|