Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 12-августу № 33-р
Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жетинчи заседаниесинин протоколуна ылайык "Чоңгара-Гальча" жана "Түндүк Сох" нефти-газ кендерин "Өзбекнефтигаз" улуттук холдинг компаниясынын балансынан Кыргыз Республикасынын юрисдикциясына өткөрүп берүү жөнүндө маселени андан ары чечүү, ошондой эле ушул нефти газ кендерин иштетүүгө инвестицияларды тартуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 23-январындагы № 22-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги менен бирдикте "Чоңгара-Гальча" жана "Түндүк Сох" нефти-газ кендерин "Өзбекнефтигаз" улуттук холдинг компаниясынын балансынан Кыргыз Республикасынын юрисдикциясына өткөрүп берүү жөнүндө маселени чечүүнү тездетсин жана Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги заседаниесинин кароосуна киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлиги "Чоңгара-Гальча" жана "Түндүк Сох" нефти-газ кендерин иштетүүгө инвестицияларды тартуу боюнча чараларды көрсүн.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмүнө, энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |