Редакцияот 24.01.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2009-жылдын 24-январы № 25-б

"Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясатын жүргүзүүдөгү анын координациялоочу ролун күчөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 14-ноябрындагы № 543 жарлыгына жана "Кыргыз Республикасында кызматтык автотранспортту пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 618 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин кызматтык автотранспорт каражаттарын этабы менен жаңыртуу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчилигинин балансынан эксплуатациялоонун мөөнөтүн өтөп бүткөн 2002-жылы чыккан, техпаспорт № CL998 430, кузов № WDВ2201671А338863 "Мерседес Бенц-320" маркасындагы автомашина Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин "Кыргыздипсервис" дипломатиялык сервис мамлекеттик ишканасынын балансына өткөрүп берилсин.

2. Ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автомашинаны ташып келүү жана тариздөө менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин "Кыргыздипсервис" дипломатиялык сервис мамлекеттик ишканасынын каражаттарынын эсебинен төлөнсүн.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жүктөлсүн.

 

            Премьер-министр

 

 И.Чудинов