КР Президентинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 239 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 14-ноябры, № 543 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын бирдиктуү тышкы саясатын жүргүзүүдөгү анын координациялоочу ролун күчөтүү жөнүндө (КР Президентинин
2005-жылдын 30-ноябрындагы ПБ№ 607 Жарлыгынын редакциясына ылайык) Тышкы саясий иштин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча 2005-жылдын15-октябрындагы республикалык кењешмеде коюлган милдеттерге ылайык,ошондой эле «Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө»Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 25-июлундагы № 131
Мыйзамына ылайыкжана эларалык аренада Кыргыз Республикасынын бирдиктуү тышкы саясийбагытын жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигининкоординациялоочу ролун күчөтүү максатында токтом кылам: 1. Тышкы саясий багытты турмушка ашырууда Кыргыз РеспубликасынынТышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынынбирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жана эларалык милдеттенмелерин толуккөлөмдө аткаруу максатында эларалык иш маселелери жагынан аткаруу жанамыйзам чыгаруу бийлик органдарын координациялоону жана өзарааракеттенишин камсыз кылсын. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин структурасында КыргызРеспубликасынын Тышкы иштер министрлиги чет мамлекеттер жана эларалыкуюмдар менен мамилелер жагынан Кыргыз Республикасынын эларалыкмилдеттенмелеринин аткарылышына конгролдук кыла турган башкы органболуп санала тургандыгы белгиленсин. 2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине КыргызРеспубликасынын тышкы экономикалык саясатын турмушка ашыруудамамлекеттик органдарга жана экономикалык субъекттерге көмөк көрсөтүүбоюнча функциялар жүктөлсүн. Республиканын министрликтери, ведомстволору, жергиликтүүмамлекеттик администрациялары (мамлекеттер аралык мааниге ээ болгон)маанилүү ишчаралар тууралу дайыма маалымдап турсун. 3. Кыргыз Республикасынын тышкы саясий жана тышкы экономикалыкталамдарына тиешелүү, анын ичинде чет өлкөлүк делегацияларды,мамлекетгик органдарды Кыргыз Республикасына чакыруу, КыргызРеспубликасынын сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү жана эларалык келишимдерин,анын ичинде ведомстволор аралык мүнөздөгү келишимдерин түзүү жөнүндөсунуштарды мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын Президентинежана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш кылганга чейин милдепүүтартипте Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги мененмакулдашат. 4. Мамлекеттин тышкы саясатынын маселелери боюнча расмийбилдирүүлөр жана демилгелер менен Кыргыз Республикасынын Президенти,Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жана Кыргыз Республикасынынтышкы иштер министри, ошондой эле алардын тиешелүү тапшырмасы боюнчабашка адамдар чыга тургандыгы белгиленсин. Кыргыз Республикасынынмамлекеттик органдарынын кызмат адамдары айрым тышкы саясиймаселелерди козгогон билдирүүлөр менен белгиленген тартиптебекитилген, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги мененмакулдашылган позицияларда гана чыга алат. Тышкы саясий мунөздөгү расмий маалыматты Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин басмасөзкатчылары, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басмасөзкызматы жарыя кылат. 5. Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги дипломатиялыкөкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин башчылары өздөрү жүргөнмамлекеттерде Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясий багытынмакулдашып жүргүзүүнү камсыз кылсын жана бул максатта өзү турганмамлекетте Кыргыз Республикасынын башка кызмат адамдарынын ишинкоординациялоону жүзөгө ашырсын. Көрсөтүлгөн өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери өз ишин белгиленгентартипте элчи (Элчилик жок болгон учурда Башкы консул) мененмакулдашууга, элчи ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырып жаткан учурда агакөмөк көрсөтүүгө, өзүнүн иши жөнүндө маалымдоого милдеттүү. 6. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги: - Кыргыз Республикасынын тышкы саясий багытын жүзөгө ашыруумаселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жанажергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына расмий түшүндүрүүлөрдү жанасунуштарды берип турсун;. - Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин структураларынын жанакызмат адамдарынын ушул Жарлыкта белгиленген тартиптин бузулушуна алыпкелген аракеттери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине билдириптурсун. 7. (күчүн жоготту) 8. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигининкызматкерлеринин кызматтык айлык акылары тиркемеге ылайык белгиленсин. 9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: - ушул Жарлыктын 7-пунктун эске алуу менен Кыргыз РеспубликасынынТышкы иштер министрлигинин структурасын кайра карап чыксын; - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ушул Жарлыктааныкталган статусуна жана ыйгарым укуктарына таянуу менен анынфинансылык, материалдык-техникалык жана башка маселелерин зарылчылыккажараша оперативдүү чечсин; - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана анынмекемелери консулдук кызмат көрсөткөндүгү үчүн акы алуудан келиптүшкөн бардык каражаттарды алардын материалдык-техникалык базасынчыњдоого жана кењейтүүгө жумшасын; - өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин. 10. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги: Кыргыз Республикасынын учурдагы муктаждыктарын жана стратегиялыкталамдарын эске алуу менен өткөн жылдардын тажрыйбасын жалпылаган жанажањы милдеттерди аныктаган мамлекеттин тышкы саясатынын Концепциясынындолбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Президентининкароосуна киргизсин. 11. «Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясий багытынжүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигининкоординациялоочу ролу жөнүндө» Президенттин 1997-жылдын 15-сентябрындагы № 253
Указы күчүн жоготту деп табылсын. 12. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети КыргызРеспубликасынын Мамлекеттик катчысына жүктөлсүн. 13. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев