Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 24-январы № 26-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Техникалык-экономикалык кызматташуу тууралуу макулдашуунун тиркелген долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгү менен жактырылсын.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү,
эки өлкөнүн ортосунда достук мамилелерди жана техникалык-экономикалык кызматташууну мындан ары өнүктүрүү максатында,
төмөнкүлөр тууралуу макулдашышты:
1-берене.
Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө эки тараптан тең макулдашылган техникалык-экономикалык кызматташуу боюнча долбоорду ишке ашыруу үчүн арналган элүү миллион кытай юаны өлчөмүндө акысыз жардам берүүгө макул. Конкреттүү шарттарды эки тарап кошумча макулдашуу түзүү жолу менен аныкташат.
2-берене.
Бул Макулдашууну аткаруу үчүн эсептерди жүргүзүүнүн тийиштүү тартиби "Эсептик-сактык компания" ачык акционердик коому жана Кытай Мамлекеттик Өнүктүрүү банкы тарабынан кошумча аныкталат.
3-берене.
Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана ушул Макулдашууда каралган бардык милдеттенмелерди эки тараптын өкмөттөрү толугу менен аткарып бүткөн күнгө чейин күчүндө болот.
200__-жылдын "____" ____________ Бишкек шаарында эки түп нускада, ар бири кыргыз, кытай жана орус тилдеринде түзүлдү жана бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасынын
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн