Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 27-январы № 32-б
Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоонун мамлекеттик системасынын түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгына байланыштуу:
1. "Менчик укугун каттоо жана коргоо. Жерди башкаруу жана кыймылсыз мүлк рыногу. Кыргызстан - өткөөл мезгилдин практикасы жана дүйнөлүк тажрыйба" эл аралык илимий-практикалык конференциясы (мындан ары - Эл аралык конференция) 2009-жылдын февралында өткөрүлсүн.
2. Эл аралык конференцияны даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
3. Уюштуруу комитети Эл аралык конференцияны даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын, программасын жана чыгымдар сметасын түзсүн жана бекитсин.
4. Уюштуруу комитетинин ишин методикалык, уюштуруучулук жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттикке жүктөлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттикке Эл аралык конференцияны даярдоо жана өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Өнүктүрүү жана материалдык колдоо фондунун каражаттарынан 700 000 (жети жүз миң) сомду пайдаланууга уруксат берилсин.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-январындагы № 32-б буйругуна тиркеме |
Бабанов Ө.Т. - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Жолдошов А.Ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Түлеев Т.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнүн башчысы, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Шамканов К.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы;
Жумашев С.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Азыков Б.Б. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин реалдуу секторду каржылоо башкармалыгынын начальниги;
Купуева А. - Дүйнөлүк банктын өкүлчүлүгүнүн долбоору боюнча эксперт (макулдашуу боюнча);
Арапова Ч. - Кыргыз Республикасында жер реформалары жана жер рыногун өнүктүрүү долбоорунун - "Кемоникс Интернэшнлдин" жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Томми Калмс - Швеция-Свидсервей Улуттук жер кызматы эл аралык агентгигинин "Кыргызстанда жерди башкарууну бекемдөө" долбоорунун жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Калбердиев Ж.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин "Жерди жана кыймылсыз мүлктү каттоо" долбоорун ишке ашыруу бөлүмүнүн жетекчиси;
Касымов Ч.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча Кыргыз мамлекеттик институтунун директору;
Цурков В.Е. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын директору.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министри Н.Айтмурзаев