Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 2-февралы № 36-б
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Россия Федерациясынын Финансы министрлигинин ортосундагы Россия Федерациясы тарабынан Кыргыз Республикасына кайтарымсыз финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна макулдук берилсин.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
Долбоор
Чогуу алганда Тараптар деп аталуучу бир тараптан "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-апрелиндеги № 104 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө жобонун негизинде иш жүргүзүүчү мындан ары Кыргыз Республикасынын Финмини деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин атынан М.А.Султанов жана,
экинчи тараптан "Россия Федерациясынын Финансы министрлиги жөнүндө" Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 30-июнундагы № 329 токтому менен бекитилген Россия Федерациясынын Финансы министрлиги жөнүндө жобонун негизинде иш жүргүзүүчү мындан ары Россиянын Финмини деп аталуучу Россия Федерациясынын Финансы министрлигинин атынан______,
Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын ортосунда экономикалык жана кредиттик-финансылык кызматташууну өнүктүрүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө 2009-жылдын "___"______ №__ меморандумдун жоболорун көңүлгө алуу менен,
Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн _____-жылдын "___" __№__буйругунун жоболорун ишке ашыруу максатында, төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене. Макулдашуу предмети
1.1. Россия Федерациясынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кайтарымсыз финансылык жардам көрсөтүү максатында Россиянын Финмини 2009-жылдын 30-апрелинен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Финмининин пайдасына 150 млн.АКШ доллары көлөмүндө акча каражаттарын которууну жүргүзөт.
2-берене. Каражаттарды которуу
2.1. Россиянын финмини мамлекет ичиндеги зарыл болгон жол-жоболор аткарылгандан кийин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин № 1010100033506379 "КРФМнын Борбордук казыналыгы, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн гранты боюнча эсеби" эсебине акча каражаттарын төмөнкү реквизиттер боюнча которууну жүргүзөт:
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, 720040 Бишкек шаары, Үмөталиев көч., 101
IВК: Fеdегal Reserve Ваnк оf New Үоrк, New Үоrк
SWIFT: FRNYUS33
ВВК: Ассоunt 0210-8671-5
Тhе National Ваnк оf Кyrgyz Rерublic, Вishкек
SWIFT: NBKIKG22
ВNF: Ассоunt 1010100033506379
Central Тrеаsuгy Мinistry оf Finanse оf the Кyrgyz Rерublic
2.2. Россиянын Финмини операция жүргүзүлгөндөн кийин каражаттарды которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Финминине 3 (үч) жумушчу күндүн ичинде билдирет.
2.3. Кыргыз Республикасынын Финмини каражаттарды алган күндөн тартып 10 күндөн кечиктирбестен каражаттарды алгандыгы жөнүндө Россиянын Финминине билдирүү жиберет.
3-берене. Ал жеткис күчтүн жагдайлары
3.1. Кыргыз Республикасынын Финмини жана Россиянын Финмини ушул Макулдашуу боюнча милдеттенмелерди жарым-жартылай же толук аткарбоо боюнча кандайдыр бир милдеттенмелерге, эгерде ушул Макулдашуу түзүлгөндөн кийин бул аткарбоо Тараптар алдын ала биле албай же болтурбай калган ал жеткис күчтүн жагдайларынан улам келип чыккан болсо ээ болушпайт.
3.2. Макулдашуунун ушул беренесинде көрсөтүлгөн жагдайлар келип жеткен учурда ар бир Тарап алар тууралуу жазуу жүзүндө экинчи Тарапка дароо билдириши керек. Бул Макулдашуу боюнча милдеттенмелерди аткаруу жана алардын мөөнөтү ал жеткис күчтүн жагдайлары болгон мезгилге чейин колдонулат, анын узактыгы Тараптардын жазуу жүзүндөгү өз ара макулдашуусу боюнча аныкталат.
4-берене. Талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер
4.1. Бул Макулдашууну ишке ашырууга байланыштуу келип чыккан талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер Тараптар ортосунда консультациялар жана сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет.
5-берене. Макулдашуунун күчүнө кириши жана анын
колдонулушун токтотуу
5.1. Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2009-жылдын 30-апрелине чейин аракетте болот.
6-берене. Байланыш маалымат
6.1. Бул Макулдашуунун жоболорун ишке ашыруу боюнча ишаракеттерди координациялоо маселелери Тараптардын төмөнкү өкүлдөрүнүн компетенциясына кирет:
Россия Федерациясынын Финансы министрлигинде:
Аты-жөнү:
Кызмат орду:
Бөлүмү
Дареги, телефону, факсы, электрондук почтасы
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде:
Аты-жөнү: Султанов Марат Абдразакович
Кызмат орду: финансы министри
Дареги, телефону, факсы, электрондук почтасы: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 58; 996 312 66-05-04, 996 312 66-16-45, minfin@sti.gov.kg
7-берене. Корутунду жоболор
7.1. Бул Макулдашууга Тараптардын жазуу жүзүндөгү макулдашуусу боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
7.2. ______________ шаарында 2009-жылдын "___" ___ эки түп нускада түзүлдү, ар бири кыргыз жана орус тилдеринде, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашууну чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда орус тилиндеги текст негиз катары алынат.
Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынын
Финансы министрлиги Финансы министрлиги
______________________ _____________________