Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 2-февралы № 37-б
Өз ара пайдалуу жана узак мөөнөттүү кызматташуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда Камбарата ГЭС-1 курулушу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министрине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан көрсөтүлгөн Макулдашуунун долбооруна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
Долбоор
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (Кыргыз тарабы) жана Россия Федерациясынын Өкмөтү (Россия тарабы),
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда Электр энергетика жагында кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө 2008-жылдын 9-октябрындагы кол коюлган макулдашууну көңүлгө алуу менен,
аталган Макулдашуунун максаттарын жана анда бекитилген Тараптардын өз ара укуктарын жана милдеттенмелерин жактоону ырастоо менен,
ушул Макулдашуунун максаттарын ишке ашыруу үчүн Тараптар зарыл болгон мүмкүнчүлүктөргө ээ экендигин эске алуу менен,
төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене.
Бул Макулдашуунун максаты болуп Камбарата ГЭС-1 жана анын иштеши үчүн зарыл болгон инфраструктура объекттерин куруу жана ишке киргизүү (мындан ары - Долбоор) боюнча Тараптардын кызматташуусу эсептелет.
2-берене.
Камбарата ГЭС-1 менчик ээси болуп эсептелген акционердик коомду (мындан ары - Коом) түзүүгө Тараптар көмөк көрсөтүшөт.
Коом Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уставдык (акционердик) капиталда үлүшү бар Тараптардын төмөнкү чарбакер субъекттери тарабынан түзүлөт:
"ИНТЕР РАО ЕЭС" ААК - 50%;
"Электр станциялар" ААК - 50%,
алар мындан ары - Уюштуруучулар деп аталат.
Уюштуруучулар ушул Макулдашууга кол коюлгандан кийин 6 айга чейинки мөөнөттө Коомду каттоодон өткөрүшөт.
3-берене.
Коомдун Директорлор кеңешинин курамына россиялык Уюштуруучудан үч өкүл жана кыргыз Уюштуруучудан эки өкүл кирет. Коомдун директорлор кеңешинин төрагасы россиялык Уюштуруучунун сунушу боюнча шайланат.
Директорлор кеңешинин чечими коллегиялык түрдө кабыл алынат.
Коомдун Башкармасынын курамы Директорлор кеңеши тарабынан бекитилет жана кыргыз Уюштуруучунун үч өкүлүнөн жана россиялык Уюштуруучунун эки өкүлүнөн турат.
4-берене.
Россия Тарабы Камбарата ГЭС-1 куруу максатында 2009-жылдан тартып төрт жылдын ичинде түзүлүүчү Коомго бериле турган кредиттик ресурс түрүндө (ЛИБОР проценттик ставкасы боюнча жылдык 3 процент менен, жеңилдик мөөнөтү - 8 жыл, кредитти жоюу мөөнөтү - 20 жыл) 1,7 млрд. АКШ доллары суммасындагы каражатты тартууну менен камсыз кылат.
5-берене.
"Нарынгидроэнергострой" АК, ошондой эле башка кыргыз жана россия уюмдары ушул Долбоор боюнча рыноктук шарттарда жумуштарды аткарууга, ошондой эле жабдууларды, материалдарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө контракттарды жана келишимдерди түзүүдө артыкчылык укуктарга ээ болоору тууралуу Тараптар макулдашты.
6-берене.
Кыргыз Тарабы Долбоорду ишке ашыруу үчүн жер участок бөлүү жана зарыл болгон тиешелүү уруксат берүүчү документтерди жана лицензияларды берүүгө көмөк көрсөтөт, ошондой эле ушул Макулдашууга кол коюлган учурда колдонуудагы экологиялык талаптардын Долбоорго карата колдонулушун камсыздайт.
7-берене.
Кыргыз Тарабы эл аралык укуктардын нормаларына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Долбоорго жумшалган Россия Тарабынын инвестицияларын коргоону камсыз кылышат.
Коомго жана Долбоорду ишке ашырууга катышкан подрядчы уюмдарга салык салуу шарттарынын начарлашына алып келүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөрүүлөр киргизилген учурда аларга Долбоорду ишке ашырууга чегерилген инвестиция каражаттарын кайтарып берүү мезгилине салык салуу ушул Макулдашууга кол коюлган күнгө карата колдонууда турган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
8-берене.
Бул Макулдашуунун жоболорунун Тараптардын ар биринин алардын мамлекети катышуучу болуп эсептелген башка эл аралык келишимдери боюнча укуктарына жана милдеттенмелерине тиешеси болбойт.
Тараптар Долбоордун алкагында Уюштуруучулар тарабынан өз милдеттенмелеринин тийиштүү түрдө аткарылышын камсыздоого багытталган колдон келерлик жана жол берилген бардык чараларды көрүшөт.
9-берене.
Бул Макулдашууну аткаруу боюнча ишмердикти координациялоону жана анын аткарылышын контролдоону төмөнкү Ыйгарым укуктуу органдар жүргүзүшөт:
Кыргыз Тарабынан - Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги;
Россия Тарабынан - Россия Федерациясынын Энергетика министрлиги.
Ыйгарым укуктуу органдар өзгөргөн учурда Тараптар бири бирине бул тууралуу дароо билдиришет.
10-берене.
Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө жана (же) колдонууда Ыйгарым укуктуу органдардын ортосунда консультациялар аркылуу чечилбеген Тараптар ортосундагы пикир келишпестиктер протоколдорду тариздөө менен Тараптар ортосунда сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет.
11-берене.
1. Бул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт, ал кол коюлган күндөн тартып убактылуу колдонулат жана ал күчүнө кириши үчүн мамлекет ичиндеги зарыл болгон жол-жоболорду Тараптар аткаргандыгы тууралуу дипломатиялык каналдар боюнча жазуу жүзүндө акыркы билдирүүнү Тараптар алгандан кийин күчүнө кирет.
2. Бул Макулдашуу Тараптардын жазуу жүзүндөгү макулдугу боюнча өзгөрүшү же токтотулушу мүмкүн. Бул Макулдашууга ар кандай өзгөртүүлөр ушул берененин 1-пунктуна ылайык күчүнө кирет.
3. Бул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу аны колдонуу мезгилинде ушул Макулдашуунун алкагында түзүлгөн келишимдер (контракттар) менен каралган милдеттенмелердин аткарылышына тиешеси болбойт.
______________ шаарында 2009-жылдын "____" ___________ эки түп нускада, ар бири кыргыз жана орус тилдеринде түзүлдү, мында эки текст бирдей күчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда орус тилиндеги текст колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынын
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн