Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 2-февралы № 38-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик карыздын бөлүгүн мүлктүк формада жоюу жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясына карызынын калганын кечүү жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине жогоруда аталган Макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
Долбоор
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Россия Федерациясынын Өкмөтү,
Кыргыз Республикасынын татаал финансылык абалын эске алышып,
эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилени андан ары чыңдоо жана өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүү максатында,
2005-жылдын 11-мартында Париж шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрү жана Париж клубуна катышкан кредитор мамлекеттердин өкүлдөрү тарабынан кол коюлган Кыргыз Республикасынын карызын консолидациялоо жөнүндө көп тараптуу меморандумдун шарттарына ылайык,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2005-жылдын 5-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын мурда алынган кредиттер боюнча Россия Федерациясына карызын жөнгө салуу жөнүндө макулдашуунун (мындан ары - 2005-жылдын 5-сентябрындагы Макулдашуу деп аталат) 8-статьясына жараша,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-статья.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кредиттер үчүн негизги карызы боюнча 2005-жылдын 5-сентябрындагы Макулдашууга ылайык жөнгө салынган бересесинин жалпы суммасы 2009-жылдын 1-январына карата 193561458,33 АКШ долларын түзөт (мындан ары - Макулдашуу боюнча карыз).
2-статья.
1. Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясына карызынын ушул Макулдашуунун 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн бөлүгү төмөнкүдөй жолдор менен мөөнөтүнөн мурда жоюлат:
а) "Дастан" трансулуттук корпорациясы" ачык акционердик коомунун Кыргыз Республикасынын менчигинде турган акциялар пакетинин наркы 19405624,86 АКШ доллары болгон 48%и Россия Федерациясынын менчигине өткөрүп берилет;
б) Бишкек шаары, Раззаков көчөсү, № 17 үй дарегинде жайгашкан Россия Федерациясынын Соода өкүлчүлүгүнүн наркы _________ АКШ доллары болгон имараты (жер участогу менен, 49 жыл мөөнөткө акысыз пайдалануу жана кийин мөөнөтүн узартуу укугу менен) (мындан ары - мүлктүк объект) Россия Федерациясынын менчигине өткөрүп берилет.
2. Ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн акцияларды жана мүлктүк объектини Россия Федерациясынын менчигине өткөрүп берүүнүн тартиби, ошондой эле "Дастан" ТУК" ААКнын акцияларына карата Россия Федерациясы менчик ээсинин укуктарын ишке ашыруусунун жана мүлктүк объектти эксплуатациялоосунун шарттары Тараптардын өзүнчө протоколу менен аныкталат.
3. Россия Федерациясынын "Дастан" ТУК" ААКнын акциялар пакетинин 48%ине жана мүлктүк объектке менчик укугу юридикалык таризделгени жөнүндө Кыргыз Тарапка расмий билдирилгенден кийин 7 иш күндүн ичинде Россия Тарап Макулдашуу боюнча ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн карыздын бөлүгүн кечүүнү ишке ашырат.
4. 2008-жылдын 1-сентябрынан тартып Россия Федерациясынын "Дастан" ТУК" ААКнын акциялар пакетинин 48%ине жана мүлктүк объектке менчик укугу таризделген учурга чейин ушул Макулдашуунун 1-статьясында көрсөтүлгөн карызга проценттер кошулбайт.
3-статья.
Кыргыз Республикасынын карызын кечкенден кийин калган, ушул Макулдашуунун 2-статьясынын 3-пунктунда көрсөтүлгөн, __________ АКШ доллары суммасындагы бөлүгү "Дастан" ТУК" ААКнын акциялар пакетинин 48%ине жана мүлктүк объектке Россия Федерациясынын менчик укугу таризделгенден кийин 7 иш күндүн ичинде Кыргыз Республикасын өнүктүрүүгө расмий жардам көрсөтүү боюнча иш-чаралардын алкагында кечилет.
4-статья.
Бул Макулдашуунун жоболорун колдонууда же чечмелөөдө же аларга байланыштуу, анын ичинде аны бузууга, токтотууга же жараксыздыгына тиешелүү чыгышы мүмкүн болгон бардык талаштарды жана кайчы пикирлерди Тараптар сүйлөшүү жолу менен чечишет.
5-статья.
Бул Макулдашуунун 2-статьясынын 1-пунктунун жоболору 2009-жылдын 1-декабрына чейин аткарылбаган учурда Макулдашуу боюнча карызды жоюу 2005-жылдын 5-сентябрындагы Макулдашуунун 3-тиркемесинде көрсөтүлгөн графикке ылайык ишке ашырылат.
6-статья. Күчүнө кирүү/Жарактуулугун токтотуу
Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып убактылуу колдонулат жана Тараптар анын күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткарышканы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүү алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
2009-жылдын "____"_________ _______________ шаарында кыргыз жана орус тилдериндеги эки нускада түзүлдү жана бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Бул Макулдашууну чечмелөөдө карама-каршылыктар болсо орус тилиндеги текст негиз катары алынат.
Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынын
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн