Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 2-февралы № 39-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда Кыргыз Республикасына мамлекеттик кредит берүү жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине жогоруда аталган Макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
Долбоор
Чогуу алганда "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Кыргыз тарап) жана Россия Федерациясынын Өкмөтү (мындан ары - Россия тарап), эки мамлекеттин ортосундагы достук мамилени андан ары чыңдоо максатында төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Россия тарап 2009-жылы Кыргыз тарапка 300 млн. АКШ доллары өлчөмүндө мамлекеттик финансылык кредит (мындан ары - кредит) берет.
2-берене.
Кредит каражатын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин валюталык эсебине (АКШ долларында) 2009-жылдын 30-апрелине чейин Россия тарап которот. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын корреспонденттик эсебине кредит каражаты түшкөн күн кредитти пайдалануу күнү болуп эсептелет.
3-берене.
1. Кредитти тындыруу Кыргыз тарабынан ар бир жылдын 15-мартында жана 15-сентябрында жарым жылдык үлүштөргө барабар АКШ долларында жүргүзүлөт, биринчи төлөм - 2016-жылдын 15-мартында, ал эми акыркысы 2049-жылдын 15-сентябрында жүргүзүлөт.
2. Кредитти тындыруу ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген, Тиркемесинде көрсөтүлгөн графикке ылайык жүргүзүлөт.
4-берене.
1. Кыргыз тарабы кредитти пайдалангандыгы үчүн Россия тарапка жылдык 0,75 проценттик ставка боюнча процент төлөп берет.
2. Кредит боюнча проценттер аны пайдаланган күндөн тартып эсептелет жана ар бир жылдын 15-мартында жана 15-сентябрында АКШ долларында Кыргыз тарап төлөп берет, мында проценттерди акыркы төлөө негизги карызды төлөөдө акыркы төлөм менен бир мезгилде жүргүзүлөт.
3. Кредит боюнча проценттер 360 күндүк жылда өткөн (база 365/360) аны пайдалануунун иш жүзүндөгү күндөрү боюнча эсептелет.
5-берене.
1. Бул Макулдашуунун 4-5-беренелеринде аталган негизги карызды жоюуга жана (же) проценттерди төлөөгө ар кандай төлөм ушул беренелерде белгиленген тиешелүү төлөм күнүнө карата жүргүзүлбөгөн болсо, ал карыздын мөөнөтү өткөн деп жарыяланат жана ага АКШ долларында 6 айлык депозит үчүн мөөнөтү өткөн карыз пайда болгон учурдан тартып жана ал карыз толугу менен жоюлган күнгө чейин жылдык 7 (жети) процент өлчөмүндө маржаны кошуп эсептегенде LIBOR ставкасы боюнча проценттер эсептелет.
АКШ долларында 6 айлык депозит үчүн LIBOR ставкасы деп "Рейтер" маалыматтык агенттигинин "LIBOR 01" барагында жарыялануучу проценттерди эсептөөнүн тиешелүү мөөнөтүнүн биринчи күнүнө карата Лондон банктар аралык рыногунда АКШ доллары менен 6 айлык депозит үчүн ставканы түшүнүүгө болот.
2. Россия тарап берген мамлекеттик кредитке карата Кыргыз тарабынын төлөм милдеттенмелери боюнча төлөөлөрдүн мөөнөтү 90 күндөн ашкан учурда Россия тарап ушул Макулдашуу боюнча жоюлбаган бардык калдык карызды шашылыш түрдө жоюуга тийиш экендигин жарыялоого укуктуу жана бул карызга ушул берененин 1-пунктунда аталган ставка боюнча проценттер карыз толугу менен жоюлганга чейин эсептелет.
6-берене.
1. Учурдагы төлөмдөрдүн өз учурунда төлөнүшүн камсыздоо максатында Кыргыз тарабы ушул Макулдашууга кол коюлган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө АКШ долларында 6 айлык депозит үчүн LIBOR ставкасынан ашпаган өлчөмдө Кыргыз тарабына проценттерди төлөп берүү шартында мамлекеттик кредит боюнча жылдык төлөмдүн суммасына эквиваленттүү АКШ долларындагы гарантиялык депозитти "Өнүктүрүү жана тышкы экономикалык ишмердик банкы (Тышкыэкономбанк)" мамлекеттик корпорациясында жайгаштырууга милдеттенет.
2. Негизги карызды же ал боюнча проценттерди жоюуга учурдагы төлөмдөр өз учурунда аткарылбаган учурда Россия тарабы мөөнөтү өткөн карызды жоюуга аталган депозиттин суммасын жиберүүгө укуктуу. Кыргыз тарабы депозиттин пайдаланылган бөлүгүн бир айлык мөөнөттө ордун толтурууга милдеттенет.
3. Кыргыз тарабы ушул берененин 2-пунктунда аталган гарантиялык депозиттин ордун мөөнөтүндө толтурбаган учурда Россия тарабы ушул Макулдашуу боюнча жоюлбаган бардык калдык карыздын шашылыш түрдө жоюлууга тийиш экендигин жарыялоого укуктуу жана бул карызга ушул берененин 1-пунктунда аталган ставка боюнча проценттер карыз толугу менен жоюлганга чейин эсептелет.
7-берене.
1. Бул Макулдашууга ылайык Кыргыз тарабы жоюуга тийиш болгон бардык суммага кандайдыр бир түрдөгү салыктар салынбашы зарыл жана ар кандай чектөөлөрсүз, алып салууларсыз же компенсациялык кармоолорсуз төлөнүшү керек.
2. Кыргыз тарабы жоюлууга тийиш болгон Россия тарабынын пайдасына келип түшкөн карызы боюнча төлөмдөрдүн бир бөлүгүн гана берген учурда, ал сумма төмөнкүдөй кезек боюнча колдонулат:
мөөнөтү өткөн карыз боюнча эсептелген проценттерди төлөөгө;
бул Макулдашуу боюнча эсептелген проценттерди төлөөгө;
мөөнөтү өткөн карызды жоюуга;
негизги карызды жоюуга.
8-берене.
1. "Өнүктүрүү жана тышкы экономикалык ишмердик банкы (Тышкыэкономбанк)" мамлекеттик корпорациясы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тийиштүү түрдө Россия тарабынын жана Кыргыз тарабынын ыйгарым укуктуу агенттери болуп эсептелет.
2. Бул Макулдашуу боюнча эсепке алуу жана эсептөө тартиби ушул Макулдашууга кол коюлган күндөн тартып 45 күндүн ичинде кол коюлууга тийиш болгон "Өнүктүрүү жана тышкы экономикалык ишмердик банкы (Тышкыэкономбанк)" мамлекеттик корпорациясы менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ортосундагы макулдашуу менен белгиленет.
9-берене.
Бул Макулдашууну колдонуу жана чечмелөө же ушул Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелери боюнча Тараптар ортосундагы талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер Тараптар ортосунда консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аркылуу чечилет.
10-берене.
Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып убактылуу колдонулат жана ал күчүнө кириши үчүн мамлекет ичиндеги зарыл болгон жол-жоболорду Тараптар аткаргандыгы тууралуу жазуу жүзүндө акыркы билдирүү алынгандан кийин күчүнө кирет жана анын жоболорунан келип чыгуучу бардык милдеттенмелерди Тараптар аткарып бүтмөйүнчө колдонулат.
_______ шаарында 2009-жылдын "__" ______ эки түп нускада түзүлдү, ар бири кыргыз жана орус тилдеринде, мында бардык текст бирдей күчкө ээ. Бул Макулдашууну чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда орус тилиндеги текст негиз катары алынат.
Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынын
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн