Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн

2010-жылдын 19-январындагы № 17-б буйругуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2009-жылдын 4-февралы № 40-б

Бала асырап алуу маселелерин тартипке салуу, бала асырап алууда Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү максатында:

1. Төмөнкү курамда ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:

Абдуллаева У.А.          - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы,

Ташпаева Н.А.  - Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри, комиссиянын төрагасынын орун басары,

Тыналиева Ү.А. - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары,

Комиссия мүчөлөрү:

Сарбаев К.Т.     - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри,

Конгантиев М.Т.            - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри,

Турсункулов Н.Ж.         - Кыргыз Республикасынын юстиция министри,

Мамбетов М.А. - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри,

Суталинов М.А. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы,

Насиза С.Х.       - Кыргыз Республикасынын башкы прокурорунун биринчи орунбасары (макулдашуу боюнча),

Иминов М.С.     - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнүн башчысы,

Исмаилов К.И.  - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы.

2. Ведомстволор аралык комиссия:

- 2009-жылдын 10-февралына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-февралындагы № 121 «Ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга асырап алуу үчүн берүү эрежелери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомун жокко чыгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун белгиленген тартипте киргизсин;

- 2009-жылдын 20-мартына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына бала асырап алуу маселелерине тиешелүү болгон өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды киргизсин.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

            Премьер-министр

 

 И.Чудинов