КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 19-январы № 17-б
Мамлекеттер аралык бала (кыз) асырап алуу маселелерин жөнгө салуу, бала (кыз) асырап алуу боюнча Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук базасын өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 24-апрелиндеги 1137-IV "Ата-энесинен багуусуз калган балдарды чет өлкөлүк жарандарга баланы (кызды) асырап алууга берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу жөнүндө" токтомуна ылайык:
1. Ведомстволор аралык комиссия төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Калимбетова Т.Б. - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри комиссиянын төрагасы;
Рыскулова А.М. - Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри, комиссиянын төрагасынын орун басары;
Хорошман Е.Г. - Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине караштуу Балдарды коргоо боюнча департаментинин директору, комиссиянын катчысы.
Комиссия мүчөлөрү:
Алиева Ж.С. - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы (макулдашуу боюнча);
Суталинов М.А. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Абдиев К. - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Конгантиев М.Т. - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Мамбетов М.А. - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Исаев А.К. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы (макулдашуу боюнча);
Насиза С.Х. - Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун биринчи орун басары (макулдашуу боюнча);
Бакчиев Ж.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы;
Тыналиева Ү.А. - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
Асанкожоева З.М. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкмөттүн чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы.
2. Ведомстволор аралык комиссия 2010-жылдын 10-февралына чейинки мөөнөттө мамлекеттер аралык балдарды асырап алуу маселелерине тиешелүү Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарын киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-февралындагы № 40-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Усөнов
|