Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 7-февралы № 43-б
"Кыргыз Республикасынын министрликтеринде, мамлекеттик комитеттеринде, администрациялык ведомстволорунда жана аткаруу бийлигинин башка органдарында кызматтык жеңил автомашиналарды пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-апрелиндеги № 137 токтомуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитети белгиленген тартипте:
- миграция жана ишке орноштуруу боюнча Чүй облустук комитетинин балансына 1987-жылы чыккан, кузов № WAUZZZ89ZJА253317, кыймылдаткыч № SF063018 "Audi-80" маркасындагы автомашинаны өткөрүп берсин;
- миграция жана ишке орноштуруу боюнча Жалал-Абад облустук комитетинин балансына 1999-жылы чыккан, кузов № YMYONY430XY, кыймылдаткыч № 6G72HS1610 "Мицубиси паджеро" маркасындагы автомашинаны өткөрүп берсин;
- миграция жана ишке орноштуруу боюнча Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук комитетинин балансына 1995-жылы чыккан, кузов № 1168986, кыймылдаткыч № 3840282 "ВАЗ-21213" маркасындагы автомашинаны өткөрүп берсин;
- 2004-жылы чыккан, кузов № 31105040006154, кыймылдаткыч № 40004830 "ГАЗ-31105" маркасындагы автомашинаны өзүнүн балансына кабыл алсын;
- Бириккен Улуттар Уюмунун Жогорку комиссарынын Качкындардын иштери боюнча башкармалыгынын өкүлчүлүгү кызматтык максаттарга пайдалануу үчүн акысыз негизде гуманитардык жардам иретинде берген 2007-жылы чыккан, кузов № JTECJ09J805512643, кыймылдаткыч № 1F0748924 "TOYOTA L/C 4x4 S/WGX4500 CC" маркасындагы автомашинаны өзүнүн балансына кабыл алсын.
2. Төмөнкүлөргө белгиленген тартипте уруксат берилсин:
- миграция жана ишке орноштуруу боюнча Жалал-Абад облустук комитетине 1998-жылы чыккан, кузов № 0655969, кыймылдаткыч № 40620FM3204368, "ГАЗ-3110" маркасындагы автомашинаны миграция жана ишке орноштуруу боюнча Сузак райондук комитетин балансына өткөрүп берүүгө;
- миграция жана ишке орноштуруу боюнча Чүй облустук комитетине 1995-жылы чыккан, кузов № 0333384, кыймылдаткыч № 0083995, "ГАЗ-31029" маркасындагы автомашинаны миграция жана ишке орноштуруу боюнча Сокулук райондук комитетин балансына өткөрүп берүүгө;
- миграция жана ишке орноштуруу боюнча Бишкек шаардык комитетинин ишке орноштуруу боюнча көчмө кызматы:
Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин Маалыматтык-консультациялык борборунун балансына 1989-жылы чыккан, кузов № J№10WUC22U0001942, кыймылдаткыч № LD20381365 "Ниссан-Ванетта" маркасындагы автомашинаны өткөрүп берсин;
Миграция боюнча эл аралык уюмунун Кыргыз Республикасындагы миссиясы кызматтык максаттарга пайдалануу үчүн "Борбор Азиядагы эмгек миграциясы" долбоорунун алкагында акысыз негизде берген 2008-жылы чыккан, кузов № 22171080368915, кыймылдаткыч № 40522К83001909 "ГАЗ-22171-404" маркасындагы автомашинаны өзүнүн балансына кабыл алсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |