Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 7-февралы № 44-б
Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Лубяное айылынын Чүй суусунун жайылмасына жайгашкан көрүстөнүн суу алып кетүү коркунучунан сактап калуу боюнча кечиктирилгис иштерди уюштуруу, ошондой эле Ош облусунун Кара-Кулжа районунда жана Талас облусунун Талас районунда авариялык иштерге колдонулган каражаттарды толуктоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылынын 23-октябрындагы № 509 токтому менен түзүлгөн өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсептен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине:
- Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Лубяное айылынын көрүстөнүн суу алып кетүү коркунучунан сактап калуу боюнча кечиктирилгис иштерди уюштуруу үчүн 3 млн. 500 миң (үч миллион беш жүз миң) сом;
- Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы чарба ичиндеги автожолдорду жаап калган, 2008-жылдын 24-25-декабрында болгон кар көчкүлөрдүн кесепеттерин жоюу үчүн 300 (үч жүз) миң сом;
- Талас облусунун Талас районундагы Көпүрө-Базар айылында Каракол суусундагы 2008-жылдын 26-декабрында болгон муз тосмосунун кесепеттерин жоюу үчүн 300 (үч жүз) миң сом бөлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Лубяное айылынын көрүстөнүн суу алып кетүү коркунучунан сактап калуу боюнча иштерди шашылыш түрдө уюштурсун.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |