Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 30-апрелиндеги № 164-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 9-февралы № 48-б
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 17-октябрында Кыргызстандын калкына Кайрылуусунда койгон милдеттерди жүзөгө ашыруу боюнча Иш-чаралардын планын ишке ашыруу, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгекке акы төлөө системасын өркүндөтүү максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык жумушчу комиссия түзүлсүн:
Мамбеталиев М.К. - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы, ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын жетекчиси;
Аалиев А.К. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин статс-катчысы, ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын жетекчисинин орун басары.
Ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын мүчөлөрү:
Сагынбаев Б.Э. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигинин статс-катчысы (макулдашуу боюнча);
Салянова А.Ж. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы;
Нишанов А.Т. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Дүйшөмбиев А.О. - Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Түлөгабылов Н.М. - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Жумалиев К.С. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигинин мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө мамлекеттик саясат башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча);
Истамов Б.С. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик башкаруу системасындагы чыгымдар саясаты башкармалыгынын начальниги;
Касымалиева Г.К. - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык енүктүрүү министрлигинин эмгек жана социалдык өнөктөштүк башкармалыгынын начальнигинин орун басары.
2. Ведомстволор аралык жумушчу комиссия үч айлык мөөнөттө Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгек акысын реформалоонун концепциясынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу комиссияга зарыл учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга уруксат берилсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын ишмердигин уюштуруучулук жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |