Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 30-апрели № 164-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-июлундагы № 413 токтому менен бекитилген 2011-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөдөгү кызматкерлерине эмгек акы төлөөнү реформалоо концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын 17-пунктуна ылайык:
1. Төмөнкүдөй курамда жумушчу топ түзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министри, жумушчу топтун жетекчиси;
- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары;
- Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору (макулдашуу боюнча).
2. Жумушчу топ 2012-жылдын 1-августуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерине эмгек акы төлөөрүн жаңы шарттарын караган ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Жумушчу топтун жетекчисине төмөнкүлөргө укук берилсин:
- белгиленген тартипте аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга;
- иш процессинде келип чыккан маселелерди чечүү үчүн мамлекеттик органдардан зарыл маалыматтарды сурап алууга.
4. Жумушчу топтун ишин уюштуруучулук жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигине жүктөлсүн.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготгу деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-февралындагы № 48-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 272-б буйругу.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |