Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 19-февралы № 66-б
Борбордук Азия боюнча Европа Союзунун Стратегиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Европа Союзу менен андан ары кызматташуусу боюнча конкреттүү сунуштарды натыйжалуу иштеп чыгуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 5-декабрындагы № 517-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын жетекчиси болуп киргизилсин;
- "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары, ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын жетекчиси (макулдашуу боюнча)" деген позициядагы "жетекчиси" деген сөз "жетекчисинин орун басары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык экономикалык кызматташтык департаментинин эл аралык экономикалык уюмдар бөлүмүнүн башчысы, ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын жооптуу катчысы" деген позиция "Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин жардам көрсөтүү стратегиясы башкармалыгынын начальниги, ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын жооптуу катчысы" деген позицияга алмаштырылсын.
Премьер-министр
| И.Чудинов |