Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2007-жылдын 5-декабры № 517-б
(КР Өкмөтүнүн
2009-жылдын 19-февралындагы № 66-б буйругунун
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасы менен Европа Союзунун ортосундагы эки тараптуу байланыштарды андан ары өнүктүрүү жана кеңейтүү, ошондой эле Борбордук Азия боюнча Европа Союзунун Стратегиясын ишке ашыруу максатында:
1. Борбордук Азия боюнча Европа Союзунун Стратегиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Европа Союзу менен андан аркы кызматташтыгы боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгуу үчүн ведомстволор аралык жумушчу комиссиясынын (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу комиссия) курамы ушул буйруктун тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын жетекчисине республиканын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун, ишканаларынын жана уюмдарынын жетекчилерин жана адистерин алардын компетенциясына тиешелүү болгон маселелерди чечүү үчүн ишке тартууга, ошондой эле зарыл учурларда ведомстволор аралык жумушчу комиссияга караштуу тармактык топторду түзүүгө укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу | И.Айдаралиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 15-декабрындагы № 517-б буйругуна тиркеме |
(КР Өкмөтүнүн
2009-жылдын 19-февралындагы № 66-б буйругунун
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары, ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын жетекчисинин орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министри;
Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-катчысы;
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин статс-катчысы;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын адилет министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин статс-катчысы;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Миграция жана иш менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы;
Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча агенттигинин директорунун биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын Башкы штабынын башкы оперативдик башкармалыгынын мамлекеттик чегараны кайтаруу жана коргоо бөлүмүнүн начальниги;
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин жардам көрсөтүү стратегиясы башкармалыгынын начальниги, ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын жооптуу катчысы.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчисинин - министрдин
милдетин аткаруучу М.Исмаилов