РаспоряжениеКүчүн жоготту

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-мартындагы № 92-б (Уюштуруу комитети түзүлүшү боюнча) буйругу

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2009-жылдын 6-марты № 92-б

"Нооруз-2009" майрамына жана 24-март - Элдик революция күнүнө арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү максатында:

1. Төмөнкүдөй курамда уюштуруу комитети түзүлсүн:

Абдуллаева У.А. - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;

Раев С.А. - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;

Түлеев Н.Т. - Бишкек шаарынын мэри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.

 

Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:

 

Калыев Б.Т. - Кыргыз Республикасынын коргоо министри;

Конгантиев М.Т. - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;

Султанов М.А. - Кыргыз Республикасынын финансы министри;

Айдаралиев И.Р. - Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министри;

Мусаев А.И. - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;

Сулайманов Н.Ч. - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;

Мамбетов М.А. - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;

Воинов А.Х. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;

Эшимканов М.А. - Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);

Мырзакматов М.Ж. - Ош шаарынын мэри;

Болотбеков Б.Б. - Талас облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;

Жумабеков М. - Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;

Исаев К.Ш. - Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;

Карашев А.А. - Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;

Масиров К. - Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;

Суваналиев Ө.И. - Нарын облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;

Кумаров Б. - Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор.

2. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги "Нооруз-2009" массалык театрлаштырылган оюн-зоокту жана 24-март - Элдик революция күнүнө арналган салтанаттуу концертти даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыксын жана уюштуруу комитетинин кароосуна киргизсин.

3. Уюштуруу комитети майрамдык иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын бекитсин.

4. (Кызматтык пайдалануу үчүн)

5. Облустардын мамлекеттик администрация башчылары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери "Нооруз-2009" элдик майрамына жана 24-март - Элдик революция күнүнө арналган иш-чараларды жер-жерлерде даярдоону жана өткөрүүнү камсыздашсын.

 

            Премьер-министр

 

 И.Чудинов