Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 10-марты № 97-б
Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги менен Украинанын Мамлекеттик архив комитетинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуунун долбооруна макулдук берилсин.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
Мындан ары Тараптар деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги менен Украинанын Мамлекеттик архив комитети,
1993-жылдын 23-февралындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Украина Өкмөтүнүн ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашууга ылайык,
эки өлкөнүн архив мекемелеринин ортосунда ар тараптуу кызматташууга андан ары өз ара умтулуу максатында, төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене.
Тараптар ушул, Макулдашууга, эки мамлекеттин улуттук мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Украина катышуучулары болуп эсептелишкен эл аралык келишимдерге ылайык өз ара пайда жана теңдештиктин негизинде кызматташууну өнүктүрүшөт.
2-берене.
Тараптар документтерди сактоо жана микрофильмдөө, аларды пайдалануу, ошондой эле архив иштерин информатизациялоо сыяктуу маалыматтарды жана архивдерде иштердин негизги түрлөрүн уюштуруу боюнча тажрыйбаларды ез ара алмашууну ишке ашырышат.
3-берене.
Тараптар Кыргызстан жана Украина элдеринин тарыхы боюнча маалыматтарды камтыган документтер менен улуттук архив фондуларын толуктоо максатында архивдик документтердин көчүрмөлөрүн бири бирине беришет. Көчүрмөлөрдү өз ара берүү эквиваленттик негизде, акысыз, өзгөчө учурларда Тараптар үчүн алгылыктуу болгон келишимдик баада жүргүзүлөт.
Мындай учурларда көчүрүү боюнча иштерди аткаруунун конкреттүү шарттары Тараптар менен кошумча макулдашылат жана өзүнчө протокол менен таризделет.
4-берене.
Тараптар биргелешип архив документтерин жарыялоону ишке ашырышат жана макулдашылган тематика боюнча документтик көргөзмөлөрдү уюштурушат.
5-берене.
Тараптар эки мамлекеттин улуттук мыйзамдарына ылайык өз ара негизде ведомстволук архив мекемелериндеги иштерде башка Тараптын изилдөөчүлөрүнө көмөк көрсөтүшөт.
6-берене.
Тараптар архивдик документтин негизинде жарандардын жана башка Тараптын мекемелеринин социалдык-укуктук суроо-талаптарын канааттандырууда бири-бирине көмөк көрсөтүшөт.
7-берене.
Тараптар архив мекемелеринин ортосунда иш тажрыйбаларды жана маалыматтарды алмашууну өнүктүрөт, ошондой эле өз ара негизде архивист-адистерди бири-бирине жиберишүүнү жүргүзөт.
8-берене.
Тараптар эл аралык архив уюмдарында алардын катышуусуна тиешелүү маселелер боюнча кызматташууну өнүктүрүшөт.
9-берене.
Ушул Макулдашуунун чегиндеги кызматташуу Тараптын өз ара макулдашуусу боюнча жүргүзүлүүчү архив ишинин тармагындагы байланыштын башка формаларына тоскоолдук кылбайт.
10-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөө жана колдонууга карата талаштар жана пикир келишпестиктер Тараптар ортосунда консультация жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу аркылуу чечилет.
Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Макулдашууга өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун 11-беренесинде каралган тартипте күчүнө кирет.
11-берене.
Бул Макулдашуу кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.
Макулдашуу беш жылдык мөөнөттө түзүлөт жана андан ары ал эгерде, Тараптардын бири да, тийиштүү мезгил бүтөөрүнө алты ай калганга чейин, анын колдонулушун токтотууга ниеттенгендиги жөнүндө экинчи Тарапка жазуу жүзүндө билдирбесе, макулдашуу улам кийинки беш жылдык мезгилге өзүнөн өзү узартылат.
____________ шаарында 200__- жылдын "___"___________эки түп нускада кыргыз, украин, орус тилдеринде түзүлдү жана бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кандайдыр бир пикир келишпестиктер пайда болгон учурда орус тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Украинанын Мамлекеттик
Маданият жана маалымат архив комитети үчүн
министрлиги үчүн