Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 13-марты № 111-б
(КР Өкмөтүнүн
2009-жылдын 30-ноябрындагы № 657-б буйругунун)
редакциясына ылайык
1. Кыргыз Республикасын Өкмөтүнүн резервдик фондунан Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигине 2000000 (эки миллион) сом бөлүп берилсин, анын ичинен:
- 1310000 (бир миллион үч жүз он миң) сом 2009-жылы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн министрлер кеңешмесинин жана Евразиялык экономикалык шериктештикке мүчө мамлекеттердин финансылык-экономикалык саясаты боюнча кеңештин жыйынын өткөрүүгө;
- 690000 (алты жүз токсон миң) сом "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жыл үчүн отчету" брошюрасын мамлекеттик жана расмий тилде даярдоо жана басып чыгарууга.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-ноябрындагы № 657-б буйругунун) редакциясына ылайык
2. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги аталган иш-чаралардын жүрүшүндө брошюраны даярдоо, басып чыгаруу жана жайылтуу боюнча белгиленген тартипте чараларды көрсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-ноябрындагы № 657-б буйругунун) редакциясына ылайык
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы ушул иш-чаралардын жүрүшүндө делегация мүчөлөрүнүн жашоосуна жана жайларды ижаралоого акы төлөөнү жеңилдетилген негизде, элүү проценттик жеңилдик менен камсыздасын.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-ноябрындагы № 657-б буйругунун) редакциясына ылайык
Премьер-министр
| И.Чудинов |