Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 30-ноябры № 657-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-мартындагы № 111-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасын Өкмөтүнүн резервдик фондунан Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигине 2000000 (эки миллион) сом бөлүп берилсин, анын ичинен:
- 1310000 (бир миллион үч жүз он миң) сом 2009-жылы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн министрлер кеңешмесинин жана Евразиялык экономикалык шериктештикке мүчө мамлекеттердин финансылык-экономикалык саясаты боюнча кеңештин жыйынын өткөрүүгө;
- 690000 (алты жүз токсон миң) сом "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жыл үчүн отчету" брошюрасын мамлекеттик жана расмий тилде даярдоо жана басып чыгарууга.";
- төмөнкү мазмундагы 2-пункт менен толукталсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги аталган иш-чаралардын жүрүшүндө брошюраны даярдоо, басып чыгаруу жана жайылтуу боюнча белгиленген тартипте чараларды көрсүн.";
- 2-пункт 3-пункт деп эсептелсин.
Премьер-министр | Д. Үсөнов
|