КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 3-ноябрындагы № 510-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 13-марты № 113-б
Билим берүү тармагында башкаруу функцияларынын кайталанышын жоюу жана долбоорлорду натыйжалуу ишке ашыруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-августуңдагы № 405-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- кириш сөзү "Дүйнөлүк банк каржылачу "Айылдагы билим берүү" долбоорун жана Каталитикалык трасттык фонд каржылачу "Бардыгы үчүн билим берүү" программасын тездетилген ишке ашыруу демилгеси" долбоорун" деген сөздөр менен толукталсын;
- 1-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. "Өзгөчө муктаждыктары бар балдар үчүн сапаттуу негизги билим берүүгө жеткиликтүүлүктү жогорулатуу" (Япониянын Кедейликти кыскартуу фонду, № 9108 KGZ грант), "Билим берүүнүн экинчи долбоору" (Азия өнүктүрүү банкы, № 0020 KGZ грант), "Айылдагы билим берүү" (Дүйнөлүк банк, Н 137 KG грант) жана "Бардыгы үчүн билим берүү" программасын тездетилген ишке ашыруу демилгеси" (Каталитикалык трасттык фонд, № TF090141 грант) долбоорлорун башкаруунун Байкоочу кеңеши төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-августундагы № 405-б буйругу менен түзүлгөн "Өзгөчө муктаждыктары бар балдар үчүн сапаттуу негизги билим берүүгө жеткиликтүүлүктү жогорулатуу" (Япониянын Кедейликти кыскартуу фонду, № 9108 KGZ грант), "Билим берүүнүн экинчи долбоору" (Азия өнүктүрүү банкы, № 0020 KGZ грант), "Айылдагы билим берүү" (Дүйнөлүк банк, Н 137 KG грант) жана "Бардыгы үчүн билим берүү" программасын тездетилген ишке ашыруу демилгеси" (Каталитикалык трасттык фонд, № TF090141 грант) долбоорлорун башкаруунун Байкоочу кеңеши Кеңештин ишинин регламентине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
Премьер-министр
| И.Чудинов |