Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 13-марты № 115-б
2009-жьшдын 3-февралында Москва шаарында кол коюлган жана Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 10-февралындагы № 45 Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик карыздын бөлүгүн мүлктүк формада жоюу жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясына карызынын калганын кечүү жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- "Дастан" ТУК" ачык акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик пакетинин үлүшүн 37,66 проценттен 48 процентке чейин көбөйтүү, ошондой эле брокердик компаниянын кызматына сатып алынчу эмиссиялык баалуу кагаздардын көлөмүнүн 0,3 проценти өлчөмдө акы төөлө үчүн республикалык бюджеттен 4,905,002 (төрт миллион тогуз жүз беш миң эки) сом финансылык каражат бөлсүн;
- ушул пункттан келип чыгуучу "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
2. Кыргьгз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети 2009-жылдын 3-февралында Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик карыздын бөлүгүн мүлктүк формада жоюу жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясына карызынын калганын кечүү жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |