Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 20-марты № 119-б
2009-жылдын 25-30-мартында Үрүмчү шаарында (КЭР) болуучу Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясынын алдындагы "Кытай Эл Республикасынын Кыргызстан - Синьцзян Уйгур автономиялык району" (мындан ары - "Кыргызстан - КЭР СУАР") координациялык тобунун кезектеги заседаниесине катышуу үчүн:
1. "Кыргызстан - КЭР СУАР" координациялык тобунун кыргыз бөлүгү төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Жапаров Акылбек Үсөнбекивич - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министри, "Кыргызстан КЭР СУАР" координациялык тобунун кыргыз бөлүгүнүн төрагасы;
Бейшембаев Талант Акималиевич - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин тышкы экономикалык саясат башкармалыгынын региондук кызматташтык бөлүмүнүн башкы адиси, "Кыргызстан - КЭР СУАР" координациялык тобунун кыргыз бөлүгүнүн катчысы;
Абдыкадыров Эмилбек Мурзакулович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Алишеров Элдар Туралиевич - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министринин жардамчысы;
Айткулов Медетбек Аширкулович - "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Абдыкасымов Талант Ракымбергенович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин жарнактык-маалыматтык камсыздоо жана эл аралык байланыштар башкармалыгынын начальниги;
Бектеналиев Мукталы Абдыбекович - Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин статс-катчысы;
Каратаев Мадамин Мусаевич - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кадыров Радмил Жаныбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы байланыштар бөлүмүнүн референти;
Кенжебаев Дыйканбай Бакашович - Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министринин орун басары;
Маматалиев Абдырахман Мадакимович - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Мамбеталиева Жылдыз Жеенбаева - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Орусбаев Искендер Абдыкадырович - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чыгыш өлкөлөр департаментинин Азия биринчи бөлүмүнүн башчысы;
Таиров Мелис Кадырович - Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын алдындагы тышкы экономикалык байланыштар боюнча комитетинин төрагасы.
2. "Кыргызстан - КЭР СУАР" координациялык тобунун кыргыз бөлүгү өз ишинде "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгы боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 20-мартындагы № 95 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгы боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө жобону жетекчиликке алаары белгиленсин.
3. Командировкалык чыгымдар "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 токтомуна ылайык жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |