Редакцияот 20.03.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2009-жылдын 20-марты № 125-б

Республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүн минералдык жер семирткичтер менен өз убагында камсыздоо үчүн аларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги минералдык жер семирткичтерди сатып алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигин Кыргыз Республикасынын "2009-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга прогнозу жөнүндө" Мыйзамында каралган 30,0 млн.сом суммасында каржыласын.

2. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

- минералдык жер семирткичтерди сатып алууну жана аларды облустар арасында бөлүштүрүүнү;

- облустук жана райондук мамлекеттик администрациялар менен бирге;

- минералдык жер семирткичтерди айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн арасында бөлүштүрүүнү.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 147 "Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик кредиттерди товардык-материалдык ресурстар түрүндө бөлүштүрүү жана берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик кредиттерди товардык-материалдык ресурстар түрүндө бөлүштүрүү жана берүү тартиби жөнүндө жобого ылайык жана төлөө мөөнөтүн 2009-жылдын 1-декабрына чейин белгилөө менен зайымдык каражаттарды процентсиз колдонуу шартында кредиттик документтерди тариздесин.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

            Премьер-министр

 

 И.Чудинов