Загрузка документа…
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-июлундагы № 468 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор 1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелипчыкты. 1.2. Жобо республикалык, облустук, райондук комиссиялар жана айылөкмөттөрүнүн комиссиялары тарабынан товардык кредиттерди берүү жанабөлүштүрүү тартибин аныктайт. 1.3. Айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө бөлүнгөн товардык кредиттер-ди бөлүштүрүү боюнча комиссиялардын иш-аракеттери ушул Жобонун негизин-де жүргүзүлөт. 1.4. Бөлүнгөн товардык кредиттер берилген өтүнмөлөргө ылайык Кыр-гыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын талаптарын сактооменен артыкчылыктуу негизде бөлүштүрүлөт. 1.5. Кредиттик жана күрөөлүк келишимдерди Кыргыз РеспубликасынынФинансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттикфондунун адистери берилген ишеним каттардын негизинде ссуда заемчуларменен тариздейт. II. Товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик комиссиялардын негизги максаттары жана милдеттери 2.1. Товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча комиссиялар төмөнкүдөймаксатта түзүлөт: - мамлекет тарабынан бөлүнгөн товардык кредиттерди башкаруу, жөнгөсалуу жана пайдалануу; - аларды бөлүштүрүүдө тийиштүү түрдө калыстыкты жана айкындыкты,анын ичинде айрым айылдык товар өндүрүүчүлөр үчүн басмырлоочу же артык-чылыктуу шарттарды белгилөөгө жол бербөөнү камсыз кылуу; - насыя каражаттарды кайтарууну камсыз кылуу максатында кредиттикжана күрөөлүк келишимдерди тиешелүү түрдө юридикалык тариздөө; - айылдык товар өндүрүүчүлөр алган кредиттерди даректүү жана мак-сатка ылайык пайдалануу жана алардын кепилдүү кайтарылуусун камсыз кы-луу; 2.2. Айылдык товар өндүрүүчүлөрдү колдоо үчүн мамлекет тарабынанбөлүнгөн товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча тиешелүү өтүнмөлөрдүтикелей жана ырааттуу караштыруу комиссиялардын негизги милдеттери бо-луп саналат. 2.3. Комиссиялар өз иш-аракетинде Кыргыз Республикасынын мыйзамда-рын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун, буйруктарын жанаКыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларын жетекчиликкеалышат. III. Товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик комиссиялардын ыйгарым укуктары жана иш-милдеттери 3.1. Комиссиялар республикалык, облустук, райондук дењгээлдердежана айыл өкмөтүнүн дењгээлинде түзүлөт жана бөлүнгөн товардык кредит-терди тийешелүү түрдө облустарга, райондорго, айыл өкмөттөрүнө жанаконкреттүү чарбакер субъекттер боюнча бөлүштүрүү менен иштешет. 3.2. Республикалык дењгээлдеги мамлекеттик комиссия Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтүнүн буйругу менен түзүлөт жана анын курамына КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жанакайра иштетүү өнөр жай министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Финансыминистрлигинин Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунун, КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаан-даштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин, Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык ре-зервдер боюнча мамлекеттик агенттигинин, Кыргыз Республикасынын Ичкииштер министрлигинин жана "Айыл Банк" ачык акционердик коомунунөкүлдөрү кирет. 3.3. Облустук дењгээлдеги комиссия облустук мамлекеттик админист-рациянын чечими менен түзүлөт. Комиссиянын курамына облустук мамлекет-тик администрациянын, Ички иштер башкармалыгынын, Кыргыз Республикасы-нын Финансы министрлигинин Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду-нун региондук өкүлчүлүгүнүн жана "Айыл Банк" ачык акционердик коомунунбөлүмүнүн өкүлдөрү кирет. 3.4. Райондук дењгээлдеги комиссия райондук мамлекеттик админист-рациянын чечими менен түзүлөт. Комиссиянын курамына райондук мамлекет-тик администрациянын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигининЭкономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунун, агрардык өнүктүрүү баш-кармалыгынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга кар-шы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин,салык инспекциясынын бөлүмүнүн, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду-нун бөлүмүнүн, ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрү жана бардык айылөкмөттөрүнүн башчылары кирет. 3.5. Райондук дењгээлдеги комиссиялардын чечимдеринин негизиндеайыл өкмөтү комиссия түзөт, ага айыл өкмөтүнүн башчысы, айылдык кењеш-тин депутаттары, айыл өкмөтүнүн салыктар жана жыйымдар боюнча жана Кыр-гыз Республикасынын Социалдык фондунун адистери кирет. 3.6. Республикалык мамлекеттик комиссия товардык кредитти максат-туу бөлүү боюнча чечимди өтүнмөнүн бар жоктугуна карабай эле кабыл алаалат. Айыл өкмөттөрүнүн комиссияларынын чечими жок болсо, өзгөчө учур-ларда жогору турган комиссияларга товардык кредиттерди максаттуу бөлүүбоюнча чечим кабыл алууга жол берилет. IV. Товардык кредиттерди бөлүү жана бөлүштүрүү тартиби 4.1. Товардык, финансылык жардам катары же гранттык жардам түрүндөмамлекет алган, ошондой эле тартылган бюджеттик каражаттардын эсебиненсатып алынган товардык кредиттерди бөлүү жөнүндө чечимди Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтү кабыл алат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими облустук, райондук жалпыгамаалымдоо каражаттарында жарыяланат жана жергиликтүү бийлик органдарытарабынан айылдык товар өндүрүүчүлөргө жеткирилет. 4.2. Товардык кредит түрүндөгү ресурстарга муктаждыктын көлөмүайыл өкмөтүнүн башчысына айылдык товар өндүрүүчүлөрдөн түшкөн өтүнмөнүнжана райондук, облустук мамлекеттик администрациялардын (агрардыкөнүктүрүү башкармалыгынын, техникалык инспекциялардын, өсүмдүктөрдүкоргоо станцияларынын жана райондук мамлекеттик ветеринардык башкарма-лыктарынын) берилген эсеп-кысаптардын негизинде аныкталат. Эсеп-кысап-тар жалпылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иш-тетүү өнөр жай министрлигине берилет. Министрлик өтүнмөлөрдүн жана не-гизделген эсеп-кысаптардын негизинде жана аларды баштапкы жалпылоодонкийин товардык кредиттерди бөлүштүрүү жөнүндө сунушту Товардык кредит-терди бөлүштүрүү боюнча республикалык мамлекеттик комиссиянын кароосунажиберет. 4.3. Товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча республикалык мамле- кеттик комиссия Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин сунуштарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен бөлүштүрүлүүчү айыл чарба техни- касын кошпогондо товардык кредиттерди облустар боюнча бөлүштүрөт.(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-июлундагы №468 токтомунун редакциясына ылайык)
4.4. Облустук жана райондук дењгээлдеги комиссиялар берилген мате-риалдарды текшерип чыгып, кредиттерди бөлүү жөнүндө чечим чыгарат, алпротокол менен таризделет. 4.5. Айыл өкмөтүнүн комиссиясы товардык кредиттерди бөлүштүрүү бо-юнча райондук комиссиясынын разнарядкасынын негизинде аларды айылдыктовар өндүрүүчүлөр арасында товардык кредиттерди алууга өтүнмөлөрүнөылайык (айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн, жер семирткичтерди - болгонсебүү аянтынын себүү нормаларына жараша, азыктык данды жанакүйүүчү-майлоочу материалдарды, башка товардык-материалдык ресурстарды- механикалаштырылган жана башка иштерди жүргүзүүгө муктаждыгынынэсеп-кысабына ылайык) бөлүштүрөт, өтүнмөгө тиркелген документтерди арбир чарбакер субъекттин төлөө кудуретине өзгөчө көњүл буруу менен тек-шерет, өтүмдүү күрөө мүлкүнүн бардыгын эске алат, анын наркы берилгентовардык кредиттин суммасынан 1,5 эсе көп болушу керек, ошондой элекатталган уставын, уюштуруу документтерин, жеке ишкердин катталгандыгыжөнүндө күбөлүктү жана ким экендигин ырастаган документти (паспорт),жерди пайдалануу укугуна күбөлүгүн, жерди ижаралоо келишимин, өздүкмөөрүн жана башкаларды карап чыгып, товардык кредитти бөлүштүрүүжөнүндө чечим кабыл алат. Айыл өкмөтүнүн комиссиясынын чечими протокол менен таризделет, алар бир субъектке бөлүштүрүү разнарядкасын түзүү үчүн товардык кредит-терди бөлүштүрүү боюнча райондук комиссияга берилет. Товардык кредиттиберүүгө разнарядканы райондун мамлекеттик администрация башчысы же анынорун басары бекитет. Товардык кредиттерди берүү жана кредиттик ресурстардын көлөмдөрүжөнүндө чечим кабыл алуу үчүн жоопкерчилик облустардын, райондордунмамлекеттик администрацияларына жана айыл өкмөтүнө, ошондой эле товар-дык кредиттерди бөлүштүрүү разнарядкасын берген органга жүктөлөт. 4.6. Республикалык, облустук, райондук комиссиялардын товардыккредиттерди бөлүштүрүү жөнүндө протоколдук чечимдери жана разнарядкала-ры Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Экономиканыөнүктүрүүнүн мамлекеттик фондуна чарбакер субъекттер берген документ-терди изилдөө жана ар бир төлөөгө кудуреттүү айылдык товар өндүрүү ме-нен кредиттик келишим жана күрөө жөнүндө келишим түзүү үчүн берилет. Кредиттик жана күрөө келишимдерин тариздөө Кыргыз РеспубликасынынФинансы министрлигинин Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондундаиштелип чыккан формалар боюнча жүргүзүлөт. Товардык кредиттерди алуучуларды бөлүштүрүү разнарядкалары мененөз убагында камсыздоодо облустардын жана райондордун мамлекеттик адми-нистрацияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын баш-чылары комиссияларга көмөк көрсөтүшөт. Облустардын, райондордун мамлекеттик администрацияларынын, жерги-ликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары Кыргыз Республикасы-нын Финансы министрлигинин Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунаберилген товардык кредиттерди бөлүштүрүү разнарядкаларына ылайык айыл-дык товар өндүрүүчүлөрдүн заемдук каражаттарды максатка ылайык пайдала-нууларын жана өз учурунда кайтаруусун контролдошот. 4.7. Товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча бардык дењгээлдеги ко-миссиялар өтүнмөлөрдү карабай коюуга, ал эми Кыргыз Республикасынын Фи-нансы министрлигинин Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду - то-вардык кредиттерди алууга кредиттик жана күрөөлүк келишимдерди та-риздөөдөн баш тартууга укуктуу, эгер: - кредит алуучу күрөөлүк мүлктүн, айдоо жерлеринин же кандайдырбир башка керектүү документтеринин бардыгы жөнүндө маалыматтарды жанамаалымкаттарды өз учурунда бербесе же берүүдөн баш тартса; - банктык же башка кредиттер жана милдеттүү салыктык жана камсыз-дандыруу төлөмдөрү боюнча карыздары болсо; - кредиттик ресурстарга муктаждыктын негизделген эсеби жок болсо. 4.8. Бөлүштүрүлгөн кредиттик ресурстардын көлөмүнөн баш тартканда же толук албаган учурда, ошондой эле облустук, райондук мамлекеттик администрациялардын каттарынын, айыл өкмөт башчыларынын өтүнмөлөрүнүн жана субъекттердин арыздарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду зарыл болгондо кредиттик ресурстардын калдыктарын Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин сунушу боюнча гана кайра бөлүштүрүлүүчү кылкандуу дандын суперэлита жана элита, ошондой эле башка айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүнүн сортун жаңыртуу жана сортун алмаштыруу максатында республиканын үрөнчүлүк чарбаларына бөлүнгөндөрдү кошпогондо, башка субъекттерге жана региондорго оперативдүү кайра бөлүштүрөт.(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-июлундагы № 468 токтомунун редакциясына ылайык)
4.9. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Экономиканыөнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду алынган зайымдык каражаттарды кайтаруунубелгиленген тартипте камсыз кылат. V. Артыкчылуулуктун негизги критерийлери 5.1. Товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча комиссиялар тарабынантовардык кредиттерди бөлүү жана бөлүштүрүү төмөнкүдөй түрдө жүргүзүлөт: - күйүүчү-майлоочу материалдар механикалаштырылган жумуштардыжүргүзүү (айдоо, себүү, оруп-жыйноо) көлөмүнө жана башка шарттарга жа-раша бөлүштүрүлөт; - айыл чарба техникалары ага болгон жүктөмгө, ошондой элежүргүзүлген жумуштардын көлөмүнө жараша бөлүштүрүлөт; - өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары (уулуу химикаттар) райондукөсүмдүктөрдү коргоо станциясы берген айдоолорду фитосанитардык текшерүүактысынын негизинде, ошондой эле отоо чөптөрдүн, зыянкечтердин жана ил-деттердин пайда болуусун алдын алуу максатында бөлүштүрүлөт; - жаныбарларды коргоо каражаттары (ветеринардык препараттар) ра-йондук мамлекеттик ветеринардык башкармалык берген жаныбарларды ветери-нардык текшерүү актысынын негизинде, ошондой эле жаныбарлардын ылањдарычыккан жерлер аныкталганда бөлүштүрүлөт; - минералдык жер семирткичтер кошумча азыктандырууну талап кылганайыл чарба өсүмдүктөрүнүн болгон аянттарынын негизинде, жер семирткич-терди чачуу нормаларына, ошондой эле чарбакер субъекттерде алардын кал-дыктарынын болушуна жараша бөлүштүрүлөт; - запастык тетиктер нормативдик талаптарга жана колдонуумөөнөттөрүнө ылайык айылдык товар өндүрүүчүлөрдөгү болгон айыл чарбатехникаларын Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүөнөр жай министрлигине караштуу Мамлекеттик башкы техникалык инспекция-сынын кызматтарынын текшерүү актыларын тиркөө менен түшкөн сурбо-талап-тарга ылайык бөлүштүрүлөт; - айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнү жана азыктык буудай даны ар бирөсүмдүк боюнча себүү программасына жана болгон себүү аянттарына ылайыккредиттик ресурстарга муктаждыктын негизделген эсептөөлөрүнө жарашабөлүштүрүлөт.