РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-сентябрындагы № 503-б (Кыргыз Республикасынын эл артисти, композитор жана аткаруучу Үтөбаев Шамшибек Тагаевичтин сөөгүн коюуну уюштуруу үчүн уюштуруу комитети түзүлсүн) буйругу

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2009-жылдын 8-сентябры № 503-б

Кыргыз Республикасынын эл артисти, композитор жана аткаруучу Үтөбаев Шамшибек Тагаевичтин сөөгүн коюуну уюштуруу үчүн:

1. Төмөнкүдөй курамда уюштуруу комитети түзүлсүн:

Раев С.А. - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;

Исмаилов М.А. - Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри;

Сыдыков Ү. - Кыргыз Республикасынын коомдук жана саясий ишмери (макулдашуу боюнча);

Мамыров Н. - "Ноокен ата" коомдук фондунун президенти, тууганы (макулдашуу боюнча);

Конгантиев К.Т. - Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси (макулдашуу боюнча);

Асанбаев К. - Кыргыз Республикасынын Композиторлор союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча);

Сагындыков Т.С. - Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун мамлекеттик администрация башчысы.

2. Жарандык коштошуу ырасымы 2009-жылдын 10-сентябрында саат 10.00дө Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театрында өткөрүлсүн.

3. Бишкек шаарындагы Ала-Арча көрүстөнү сөөк коюла турган жер болуп аныкталсын.

4. Маркумдун үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 100000 (жүз миң) сом бөлүнсүн.

 

Премьер-министр

И.Чудинов