Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 17-сентябры № 523-б
1999-2000-жылдарда Баткен окуялары убагында Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгүн коргоо боюнча жоокердик милдетин аткарууда курман болгон Жоокерлерди эскерүү күнүнө арналган иш-чараларды өткөрүү максатында:
1. Кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон аскер кызматчыларынын элесин эскерүүгө арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коргонуу жана коопсуздук иштери боюнча бөлүмүнүн эксперти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн референти;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин башкы инспекциясынын начальнигинин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын командачысынын биринчи орун басары - штабдын начальниги (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясынын башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча).
2. 1999-2000-жылдарда Баткен окуялары убагында Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгүн коргоо боюнча жоокердик милдетин аткарууда курман болгон Жоокерлерди эскерүү күнүнө арналган иш-чараларды даярдоонун жана өткөрүүнүн тиркелген планы (мындан ары - Иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планы) бекитилсин.
3. Уюштуруу комитети Иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын аткарууну камсыз кылсын.
4. Иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан чыгымдар ишке тартылган мамлекеттик органдардын бюджеттеринин, гранттардын жана демөөрчүлөрдүн каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылсын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-сентябрындагы № 523-б буйругу менен бекитилген |
┌──┬─────────────────────────────────┬────────────┬───────────────────┐
│№ │ Иш-чаралардын аталышы │ Мөөнөтү │ Жооптуу аткаруучу │
├──┼─────────────────────────────────┼────────────┼───────────────────┤
│1.│1999-2000-жж. Баткен окуяларында │2009-жылдын │Эмгексоцмин, │
│ │эл аралык террорчулардын │15-сентябры-│Саламаттыксакмин, │
│ │бандиттик түзүлүштөрүнө каршы │9-октябры │Коргоомин, │
│ │күжүрмөн аракеттерде курман │ │жергиликтүү │
│ │болгон катышуучулардын (мындан │ │мамлекеттик │
│ │ары - күжүрмөн аракеттерге │ │администрациялар, │
│ │катышуучулар) үй-бүлө мүчөлөрүнө,│ │жергиликтүү өз │
│ │ошондой эле I жана II баскычтагы │ │алдынча башкаруу │
│ │майып болуп калган, күжүрмөн │ │органдары │
│ │аракеттерде жарадар болгон жана │ │ │
│ │контузия алган катышуучуларга ар │ │ │
│ │тараптуу колдоо жана даректүү │ │ │
│ │социалдык жардам көрсөтүүнүн │ │ │
│ │республиканын региондорунда бир │ │ │
│ │айлыгын өткөрүү. │ │ │
├──┼─────────────────────────────────┼────────────┼───────────────────┤
│2.│Республиканын түштүгүндө күжүрмөн│2009-жылдын │Коргоомин, │
│ │аракеттер мезгилинде курман │20-сентябры-│Жергиликтүү │
│ │болгон жоокерлер көмүлгөн │на чейин │мамлекеттик │
│ │жерлерди, эстеликтерди жана │ │администрациялар, │
│ │мемориалдарды тартипке келтирүү │ │жергиликтүү өз │
│ │боюнча чараларды көрүү │ │алдынча башкаруу │
│ │ │ │органдары │
├──┼─────────────────────────────────┼────────────┼───────────────────┤
│3.│Эскерүү иш-чараларын даярдоонун │Дайыма │Маданиятмин, Билим │
│ │жана өткөрүүнүн жүрүшүндө │ │берүүмин, │
│ │жаштарды аскердик-патриоттук │ │Коргоомин, │
│ │тарбиялоо максатында маалыматтык │ │УТРК (макулдашуу │
│ │жактан камсыз кылуу планын иштеп │ │боюнча), региондук │
│ │чыгуу жана ишке ашыруу (социалдык│ │мамлекеттик ЖМК │
│ │видеороликтер, макалалар жана │ │ │
│ │басылмалар циклин, теле жана │ │ │
│ │радиопрограммалар ж.б.) │ │ │
├──┼─────────────────────────────────┼────────────┼───────────────────┤
│4.│1999-2000-жылдардагы Баткен │2009-жылдын │Аткаруу бийлигинин │
│ │окуяларынын 10 жылдыгына арналган│20-сентябры-│мамлекеттик │
│ │эскерүү иш-чараларын өткөрүү │9-октябры │органдары, │
│ │ │ │жергиликтүү өз │
│ │ │ │алдынча башкаруу │
│ │ │ │органдары │
├──┼─────────────────────────────────┼────────────┼───────────────────┤
│5.│Мамлекеттик тарых музейинде │2009-жылдын │Маданиятмин │
│ │1999-2000-жылдардагы Баткен │20-сентябры │ │
│ │окуяларынын 10 жылдыгына арналган│ │ │
│ │туруктуу экспозицияны түзүү │ │ │
├──┼─────────────────────────────────┼────────────┼───────────────────┤
│6.│"1999-2000-жылдардагы Баткен │2009-жылдын │Коргоомин, Чек ара │
│ │окуяларынын сабактары боюнча │25-сентябры-│кызматы, УКК, ИИМ, │
│ │Кыргызстандын улуттук │на чейин │Улуттук гвардия │
│ │коопсуздугу" илимий-практикалык │ │(макулдашуу боюнча)│
│ │конференциясын даярдоо жана │ │ │
│ │өткөрүү │ │ │
├──┼─────────────────────────────────┼────────────┼───────────────────┤
│7.│1999-2000-жылдардагы Баткен │2009-жылдын │Коргоомин, │
│ │окуяларынын 10 жылдыгына арналган│9-октябры │Маданиятмин │
│ │эскерүү чогулушун өткөрүү │ │ │
├──┼─────────────────────────────────┼────────────┼───────────────────┤
│8.│Терроризмдин алдын алуу жана │2009-жылдын │Мамспорткомитети │
│ │жаштарды патриоттуулук духунда │октябрынын │ │
│ │тарбиялоо максатында аскердик │1-декадасы │ │
│ │ведомстволордун өкүлдөрү менен │ │ │
│ │жолугушууларды өткөрүү │ │ │
└──┴─────────────────────────────────┴────────────┴───────────────────┘