Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 19-сентябры № 530-б
Кыргыз Республикасынын аймагында (Чолпон-Ата шаары) Евразия экономикалык шериктештигинин Интеграциялык комитетинин алдындагы Юстиция министрлеринин кеңешинин 14-заседаниеси жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Юстиция министрлеринин кеңешинин 4-заседаниеси 2009-жылдын 23-октябрында өткөрүлүшүнө байланыштуу:
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-июнундагы № 197 "Кыймылдуу мүлк күрөөсүн каттоо үчүн жыйымдар жөнүндө" токтомуна ылайык акы төлөмө каттоо кызмат көрсөтүүлөрүнөн жана каттоо кызматтары үчүн жыйымдардан келип түшкөн жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Борбордук күрөөлүк каттоо конторасынын атайын эсебинде топтолуучу каражаттын 1,5 млн.сом суммасын пайдаланууга уруксат берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-июнундагы № 343 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Борбордук күрөөлүк каттоо конторасын андан ары өнүктүрүү маселелери жөнүндө" токтомуна ушул буйруктан улам келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу сунуштарын белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |