Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2010-жылдын 19-ноябрындагы № 177-р буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 8-октябры № 572-б
(КР Өкмөтүнүн
2010-жылдын 30-мартындагы № 103-б буйругунун)
редакциясына ылайык
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга даректүү материалдык жана социалдык колдоо көрсөтүү, Эл аралык майыптар күнүнө арналган иш-чараларды өткөрүү максатында:
1. 2009-жылдын 3-ноябрынан 3-декабрына чейин ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо боюнча кайрымдуулук айлыгы өткөрүлсүн.
2. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо боюнча кайрымдуулук айлыгын жана Эл аралык майыптар күнүнө арналган иш-чараларды өткөрүү боюнча иш-чаралар планы;
- ар тараптуу системалуу түрдө колдоо көрсөтүү үчүн министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго жана аткаруу бийлигинин башка органдарына бекитилген интернат-үйлөрдүн, интернат-мектептердин тизмеси.
3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (макулдашуу боюнча), ишканалар жана уюмдар майыптар үчүн интернат-үйлөргө жана Интернат-мектептерге жана согуштун, эмгектин, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн жана укук коргоо органдарынын ардагерлеринин уюмуна ар тараптуу колдоо көрсөтүшсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-мартындагы № 103-б буйругунун) редакциясына ылайык
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясына республиканын бардык региондорунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо боюнча кайрымдуулук айлыгын жана Эл аралык майыптар күнүнө даярдык көрүүнүн жана өткөрүүнүн жүрүшүн чагылдыруу сунушталсын.
5. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилери:
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо боюнча кайрымдуулук айлыгынын иш-чараларын өткөрүүнү камсыз кылышсын;
- 2009-жылдын 15-декабрына чейинки мөөнөттө аткарылган иштер жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигине беришсин.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги 2009-жылдын 25-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жалпыланган маалыматты берсин.
7. Бул буйрук жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
8. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2009-жылдын 8-октябрындагы № 572-б буйругу менен Бекитилген |
┌───┬───────────────────────────┬──────────┬──────────────────────────┐
│№ │ Иш-чаралар │ Аткаруу │ Аткаруучулар │
│ │ │ мөөнөтү │ │
├───┼───────────────────────────┼──────────┼──────────────────────────┤
│1. │Кыргыз Республикасынын Өк- │2009-жыл │Аткаруу бийлигинин мамле- │
│ │мөтү тарабынан аныкталган │ноябрь │кеттик органдары, жерги- │
│ │тизме боюнча финансылык, │ │ликтүү өз алдынча башкаруу│
│ │материалдык жардам көрсөтүү│ │органдары, коомдук уюмдар │
│ │менен ден соолугунун мүм- │ │(макулдашуу боюнча), │
│ │күнчүлүгү чектелген адамдар│ │бизнес-жамааттар (макулда-│
│ │үчүн интернат-үйлөргө баруу│ │шуу боюнча) │
├───┼───────────────────────────┼──────────┼──────────────────────────┤
│2. │Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү│2009-жыл │Саламатсакмин, коомдук │
│ │чектелген адамдар үчүн ден │ноябрь │уюмдар (макулдашуу боюнча)│
│ │соолук айлыгын өткөрүү (ди-│ │ │
│ │агностикалык жана амбула- │ │ │
│ │тордук дарыланууда акысыз │ │ │
│ │медициналык жардам) │ │ │
├───┼───────────────────────────┼──────────┼──────────────────────────┤
│3. │Акысыз медициналык консуль-│Дайыма │Саламатсакмин, коомдук │
│ │тация көрсөтүү, ден соолу- │ │уюмдар (макулдашуу боюнча)│
│ │гунун мүмкүнчүлүгү чектел- │ │ │
│ │ген адамдарды медициналык │ │ │
│ │тейлөө, дары-дармек менен │ │ │
│ │камсыздоо жана диспансери- │ │ │
│ │зация жүргүзүү уюмдарына │ │ │
│ │дайыма контролду камсыздоо │ │ │
├───┼───────────────────────────┼──────────┼──────────────────────────┤
│4. │Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү│2009-жыл │Маданиятмаммин, жергиликт-│
│ │чектелген адамдарга акысыз │ноябрь │үү өз алдынча башкаруу │
│ │кинофильмдерди, оюн-зоок- │ │органдары │
│ │торду көрсөтүү, алар менен │ │ │
│ │чыгармачыл интеллигенциянын│ │ │
│ │концерттерин жана жолугушу-│ │ │
│ │уларын өткөрүү. Интернат │ │ │
│ │үйлөрдө жашаган ден соолу- │ │ │
│ │гунун мүмкүнчүлүгү чектел- │ │ │
│ │ген адамдарга акысыз му- │ │ │
│ │зейлерге, көргөзмөлөргө ки-│ │ │
│ │рүүнү уюштуруу │ │ │
├───┼───────────────────────────┼──────────┼──────────────────────────┤
│5. │"Бул дүйнө кандай сонун", │2009-жыл │Билиммин, Спортмамагентти-│
│ │"Менин кичинекей досторум",│октябрь- │ги, Эмгексоцмин │
│ │"Мен жашаган үй", "Спорт │ноябрь │ │
│ │жана мен" жана башка тема- │ │ │
│ │ларда 18 жашка чейинки │ │ │
│ │майып балдардын иштерин │ │ │
│ │сыйлоо менен дил баяндар- │ │ │
│ │дын, сүрөт жана кол өнөр │ │ │
│ │чыгармачылыгынын сынактарын│ │ │
│ │мектепке чейинки, мектеп │ │ │
│ │жана мектептен тышкаркы ме-│ │ │
│ │кемелерде өткөрүү жана │ │ │
│ │андан ары жалпыга маалымдоо│ │ │
│ │каражаттарында алардын мык-│ │ │
│ │тыларын жарыялоо │ │ │
├───┼───────────────────────────┼──────────┼──────────────────────────┤
│6. │Төмөнкүлөрдү уюштуруу жана │2009-жыл │Маданиятмаммин, Эмгексоц- │
│ │өткөрүү: ден соолугунун │ноябрь │мин, Спортмамагенттиги, │
│ │мүмкүндүгү чектелген адам- │ │жергиликтүү өз алдынча │
│ │дар жана кыргыз эстрада │ │башкаруу органдары, коом-│
│ │жылдыздарынын катышуусу ме-│ │дук уюмдар (макулдашуу бо-│
│ │нен түрдүү чыгармачыл │ │юнча), бизнес-жамааттар │
│ │сынактарды (эстрада жана │ │(макулдашуу боюнча) │
│ │бард ырлары, бийлер, акын- │ │ │
│ │дардын "Айтышы"); │ │ │
│ │- заманбап моданын дефиле- │ │ │
│ │син (өздөрү тиккен буюмдар-│ │ │
│ │ды көрсөтүү); │ │ │
│ │- көркөм искусство сынагын;│ │ │
│ │- ден соолугунун мүмкүнчү- │ │ │
│ │лүгү чектелген адамдардын │ │ │
│ │ортосунда элдик-колдонмо │ │ │
│ │искусствонун уздарынын көр-│ │ │
│ │көм буюмдарынын жана жаса- │ │ │
│ │ган буюмдарынын көргөз- │ │ │
│ │мө-сатуусун; │ │ │
│ │ден соолугунун мүмкүнчүлүгү│ │ │
│ │чектелген адамдардын иште- │ │ │
│ │ринин көркөм көргөзмөлөрүн │ │ │
├───┼───────────────────────────┼──────────┼──────────────────────────┤
│7. │Төмөнкүлөрдү өткөрүү: │2009-жыл │Спортмамагенттиги, жерги- │
│ │- ден соолугунун мүмкүнчү- │ноябрь │ликтүү өз алдынча башкаруу│
│ │лүгү чектелген балдар жана │ │органдары, коомдук уюмдар │
│ │жаштар арасында спорттук │ │(макулдашуу боюнча) │
│ │мелдешүүлөрдү; │ │ │
│ │- ден соолугунун мүмкүнчү- │ │ │
│ │лүгү чектелген адамдардын │ │ │
│ │катышуусу менен шахмат тур-│ │ │
│ │нирлерин │ │ │
├───┼───────────────────────────┼──────────┼──────────────────────────┤
│8. │Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү│2009-жыл │Эмгексоцмин, жергиликтүү │
│ │чектелген адамдардын кызык-│ноябрь │өз алдынча башкаруу орган-│
│ │чылыктарын жана проблемала-│ │дары, коомдук уюмдар (ма- │
│ │рын камтыган темаларда те- │ │кулдашуу боюнча), биз- │
│ │герек столдорду, конферен- │ │нес-жамааттар (макулдашуу │
│ │цияларды уюштуруу │ │боюнча) │
├───┼───────────────────────────┼──────────┼──────────────────────────┤
│9. │Муктаж болгон ден соолугу- │2009-жыл │Жергиликтүү өз алдынча │
│ │нун мүмкүнчүлүгү чектелген │ноябрь │башкаруу органдары (макул-│
│ │адамдарга акысыз турмуш-ти-│ │дашуу боюнча) │
│ │ричилик кызматтарды (бут │ │ │
│ │кийим, кийим оңдоо, химия- │ │ │
│ │лык тазалоо, жууп-тазалоо │ │ │
│ │кызматтары, чач жасалгалоо │ │ │
│ │кызматтары) көрсөтүү │ │ │
├───┼───────────────────────────┼──────────┼──────────────────────────┤
│10.│Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү│2009-жыл │Жергиликтүү өз алдынча │
│ │чектелген жалгыз бой аз │ноябрь │башкаруу органдары (макул-│
│ │камсыз болгон адамдар үчүн │ │дашуу боюнча) │
│ │акысыз кайрымдуулук түштөн-│ │ │
│ │дүрүүлөрдү уюштуруу │ │ │
├───┼───────────────────────────┼──────────┼──────────────────────────┤
│11.│Тамак-аш азыктарын, биринчи│2009-жыл │Жергиликтүү өз алдынча │
│ │кезекте зарыл болгон товар-│ноябрь │башкаруу органдары (макул-│
│ │ларды арзандатылган баалар │ │дашуу боюнча), Айылсуучар-│
│ │боюнча чекене сатуу жарман-│ │бамин, бизнес-жамааттар │
│ │келерин бизнес-жамааттар │ │(макулдашуу боюнча) │
│ │менен бирдикте өткөрүү │ │ │
├───┼───────────────────────────┼──────────┼──────────────────────────┤
│12.│Медициналык көрсөтмөсү бар │Дайыма │Эмгексоцмин │
│ │ден соолугунун мүмкүнчүлүгү│ │ │
│ │чектелген адамдарды жекече │ │ │
│ │алга жылуу каражаттары ме- │ │ │
│ │нен (кресло-коляска) кам- │ │ │
│ │сыздоо │ │ │
├───┼───────────────────────────┼──────────┼──────────────────────────┤
│13.│Ведомстволук аймакта жай- │Дайыма │Аткаруу бийлигинин мамле- │
│ │гашкан интернат үйлөргө │ │кеттик органдары, жерги- │
│ │аларда жашашкан ден соолу- │ │ликтүү өз алдынча башкаруу│
│ │гунун мүмкүнчүлүгү чектел- │ │органдары, коомдук уюмдар │
│ │ген адамдарга өзгөчө көңүл │ │(макулдашуу боюнча), биз- │
│ │бөлүү менен финансылык жар-│ │нес-жамааттар (макулдашуу │
│ │дам, ошондой эле колдоонун │ │боюнча) │
│ │башка түрлөрүн (тамак-аш │ │ │
│ │азыктары, отун, кийим) көр-│ │ │
│ │сөтүү │ │ │
├───┼───────────────────────────┼──────────┼──────────────────────────┤
│14.│Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү│Дайыма │Эмгексоцмин, ЖМК (макулда-│
│ │чектелген адамдардын проб- │ │шуу боюнча), облустук те- │
│ │лемаларын, ден соолугунун │ │лерадио компаниялар, жер- │
│ │мүмкүнчүлүгү чектелген │ │гиликтүү мамлекеттик адми-│
│ │адамдарга социалдык жана │ │нистрациялар, жергиликтүү │
│ │башка жардамдарды көрсөтүү-│ │өз алдынча башкаруу орган-│
│ │чү бардык кызматтардын иш- │ │дары (макулдашуу боюнча), │
│ │теринин жакшы тажрыйбаларын│ │коомдук уюмдар (макулдашуу│
│ │басма-сөздө, радиодо, теле-│ │боюнча) │
│ │видениеде кеңири чагылдыруу│ │ │
├───┼───────────────────────────┼──────────┼──────────────────────────┤
│15.│Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү│Дайыма │Эмгексоцмин, жалпыга маа- │
│ │чектелген адамдарды коомго │ │лымдоо каражаттары (макул-│
│ │интеграциялоо боюнча ийги- │ │дашуу боюнча), облустук │
│ │ликтер жана жетишкендиктер │ │телерадио компаниялар │
│ │жөнүндө телеберүүлөрдүн │ │ │
│ │циклин өткөрүү │ │ │
├───┼───────────────────────────┼──────────┼──────────────────────────┤
│16.│Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү│2009-жыл │Маданиятмаммин, жалпыга │
│ │чектелген адамдардын каты- │ноябрь │маалымдоо каражаттары │
│ │шуусу менен жаштар арасында│ │(макулдашуу боюнча), │
│ │телекөрсөтүүдө дебаттык │ │облустук телерадио │
│ │турнирлерди жана дискусси- │ │компаниялар │
│ │ялык жолугушууларды уюшту- │ │ │
│ │руу │ │ │
├───┼───────────────────────────┼──────────┼──────────────────────────┤
│17.│Өтө муктаж болгон ден соо- │2009-жыл │Аткаруу бийлигинин мамле- │
│ │лугунун мумкүнчүлүгү чек- │ноябрь │кеттик органдары, жерги- │
│ │телген адамдарга кышка ка- │ │ликтүү өз алдынча башкаруу│
│ │рата отун алуу жана турак │ │органдары (макулдашуу │
│ │жайын оңдоо үчүн колдон │ │боюнча) │
│ │келген материалдык жардам │ │ │
│ │көрсөтүү │ │ │
├───┼───────────────────────────┼──────────┼──────────────────────────┤
│18.│Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү│Дайыма │Аткаруу бийлигинин мамле- │
│ │чектелген адамдарга социал-│ │кеттик органдары, жерги- │
│ │дык колдоо жана бир жолу │ │ликтүү өз алдынча башкаруу│
│ │берилүүчү материалдык жар- │ │органдары (макулдашуу │
│ │дам көрсөтүү максаттарында │ │боюнча) │
│ │кайрымдуулук акцияларын │ │ │
│ │өткөрүү │ │ │
├───┼───────────────────────────┼──────────┼──────────────────────────┤
│19.│Төмөнкүдөй эки номинация │2009-жыл │Эмгексоцмин, Бишкек шаары-│
│ │боюнча жеңүүчүлөргө эсте │2-3- │нын мэриясы │
│ │каларлык байгелерди берүү │декабрь │ │
│ │менен түрдүү сынактардын │ │ │
│ │жана мелдештердин жыйынты- │ │ │
│ │гын чыгаруу боюнча │ │ │
│ │гала-концерт өткөрүү: │ │ │
│ │- майып балдар арасында; │ │ │
│ │- ден соолугунун мүмкүн- │ │ │
│ │чүлүгү чектелген чоңдор │ │ │
│ │арасында │ │ │
├───┼───────────────────────────┼──────────┼──────────────────────────┤
│20.│Кыргыз Республикасынын │2009- │Аткаруу бийлигинин мамле- │
│ │Эмгек жана социалдык өнүк- │жылдын │кеттик органдары, жерги- │
│ │түрүү министрлигине атка- │10- │ликтүү өз алдынча башкаруу│
│ │рылган иштер жөнүндө маалы-│декабрына │органдары (макулдашуу │
│ │мат берүү │чейин │боюнча), коомдук уюмдар │
│ │ │ │(макулдашуу боюнча), │
│ │ │ │бизнес-жамааттар (макулда-│
│ │ │ │шуу боюнча) │
├───┼───────────────────────────┼──────────┼──────────────────────────┤
│21.│Кыргыз Республикасынын Өк- │2009- │Эмгексоцмин │
│ │мөтүнүн Аппаратына өткөрүл-│жылдын │ │
│ │гөн иш-чаралар жөнүндө жал-│25- │ │
│ │пыланган маалыматты берүү │декабрына │ │
│ │ │чейин │ │
└───┴───────────────────────────┴──────────┴──────────────────────────┘
Эскертүү: Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо боюнча кайрымдуулук айлыгын жана Эл аралык майыптар күнүн өткөрүү боюнча иш-чаралар планынын ишке ашыруу болгон финансылык каражатка жараша жүргүзүлөт.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-октябрындагы № 572-б буйругу менен Бекитилген |
┌───┬──────────────────────────────────────────────────┬──────────────┐
│№ │Үйлөр жана мектеп-интернаттар │Маморгандардын│
│ │ │аталышы │
├───┼──────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤
│1. │Төмөнкү-Серафимовка кары-картаңдар жана майыптар │Соцфонд │
│ │үчүн интернат үйү │(макулдашуу │
│ │ │боюнча), МУКК │
├───┼──────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤
│2. │Токмок № 1 эркектер психоневрологиялык интернат │Коргоомин │
│ │үйү │ │
├───┼──────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤
│3. │Токмок № 2 аралаш психоневрологиялык интернат үйү │Маммүлкком │
├───┼──────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤
│4. │Сокулук кары-картзңдар жана майыптар үчүн интернат│Юстмин │
│ │үйү │ │
├───┼──────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤
│5. │Беловодск кары-картаңдар жана майыптар үчүн │Кыргызпатент │
│ │интернат үйү │ │
├───┼──────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤
│6. │Бишкек шаардык кары-картаңдар жана майыптар үчүн │Бишкек шаары- │
│ │интернат үйү │нын мэриясы, │
│ │ │Экономсоодамин│
├───┼──────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤
│7. │Жайыл аялдар психоневрологиялык интернат үйү │Айылсуучарба- │
│ │ │мин │
├───┼──────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤
│8. │Покровка ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген │Транскоммин │
│ │балдар үчүн интернат үйү │ │
├───┼──────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤
│9. │Бакай-Ата майыптар үчүн интернат үйү │ӨКМ │
├───┼──────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤
│10.│Кадамжай аралаш психоневрологиялык интернат үйү │Мамкаттоо │
├───┼──────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤
│11.│Жалал-Абад балдар психоневрологиялык интернат үйү │Саламатсакмин │
├───┼──────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤
│12.│Сузак кары-картаңдар жана майыптар үчүн интернат │Өнөржайэнермин│
│ │үйү │ │
├───┼──────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤
│13.│Ак-Суу аялдар психоневрологиялык интернат үйү │Бажыкомитет │
├───┼──────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤
│14.│Сүлүктү жалгыз бой жана кары-картаң жарандар үчүн │МРТМА │
│ │интернат үйү │ │
├───┼──────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤
│15.│Краснореченка акыл-эси артка калган балдар жана │ИИМ │
│ │ата-энелеринин камкордугусуз калган жетим майып │ │
│ │балдар үчүн мектеп-интернаты │ │
├───┼──────────────────────────────────────────────────┼──────────────┤
│16.│Төмөнкү-Чүй "психикалык өнүгүүсү кечеңдеген" │Финмин │
│ │диагнозу бар балдар үчүн адистештирилген │ │
│ │интеранаты │ │
└───┴──────────────────────────────────────────────────┴──────────────┘