Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 12-октябры № 589-б
Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Инвестициялык кеңештин 2009-жылдын 30-мартындагы Мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын орто звеносунда нормативдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасы боюнча кадрларды даярдоо программасын иштеп чыгуу жана этаптуу киргизүү жөнүндө чечимин аткаруунун алкагында мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу жана квалификациясын жогорулатуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясына № 1 жана 2-тиркемелерге ылайык министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана шаарлардын мэрияларынын орто звенодогу кызматкерлерин окутуунун жана квалификациясын жогорулатуунун үч күндүк курстарын өткөрүү сунушталсын.
2. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жетекчилери, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана шаарлардын мэрияларынын башчылары:
- № 3, 4 жана 5-тиркемелерге ылайык катышуучулардын кыска мөөнөттүү курстарга катышуусун камсыздашсын;
- уюштуруу маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүшсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо борборуна республикалык бюджеттен 2009-жылга каралган каражаттардан керектүү финансылык каражат бөлүүнү камсыздасын.
4. Окутуу, методикалык жана материалдык-техникалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясына тапшырылсын (макулдашуу боюнча).
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иш жана региондук мониторинг бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |