Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-марты № 55
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, коомдук бирикмелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге) 2016-жылдын 5-февралындагы кайрылуусунун негизинде, аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө жергиликтүү кеңештердин, жергиликтүү кеңештердин биргелешкен жыйналыштарынын токтомдорунун, саясий партиялардын протоколдорунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын резервине тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин (тиркелет).
2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчисинин орун басары А.Р.Джолбуновго жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | А. Шайымкулова |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 16-мартындагы № 55 токтомунун тиркемеси |
(Жалал-Абад ш., Ж.Бакиева к., 3)
№ | Талапкерлердин аты жөнү | Ким тарабынан сунушталды |
1 | Алдосова Бактыгул Садыбакасовна | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан |
2 | Атамбекова Миргуль Нишановна | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан |
3 | Жундубаев Дамир Кенетаевич | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан |
4 | Казакбаева Самара Абдикаримовна | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан |
5 | Калымбетова Насыйкат Чотуровна | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан |
6 | Кыралиева Гулнара Батырбековна | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан |
7 | Маматов Усен Маликович | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан |
8 | Маматова Алтынай Амиралиевна | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан |
9 | Мамытов Туратбек | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан |
10 | Паизбаева Махабат Жоробаевна | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан |
11 | Раимов Иброхимжан Эгамбердиевич | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан |
12 | Темиров Талантбек Сапарбекович | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан |
13 | Торомаматова Сайрагул Абазбековна | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан |
14 | Хасанов Расулджон Шакиржанович | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан |
15 | Шерматов Кубаныч Абдыжапарович | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан |
16 | Чатаев Ашим Нишанбаевич | "Кыргызстандын Элдик-Демократиялык партиясы" саясий партиясынан |
17 | Асанова Карачач | "Акшумкар" саясий партиясынан |
18 | Матразакова Толгон Узбекбаевна | "Кыргызстан Социал-демократиялык партиясы" саясий партиясынан |
19 | Торокулов Элдяр Шаршенович | "Кыргызстан - Демократиялык кыймылы партиясы" саясий партиясынан |
20 | Нургалиева Бактыкан Иманбаевна | "Туран" саясий партиясынан |
21 | Мамырасулова Арал Доолотбаевна | "Бир-Бол" саясий партиясынан |
22 | Матцаков Самат Аскарович | "Өнүгүү Кыргызстан" саясий партиясынан |
23 | Маматкулова Сайрагул | "Жаш Белек" саясий партиясынан |