Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 19-октябры № 616-б
Нарын райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын материалдык-техникалык базасыз чындоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү жай министрлиги «Кыргыз Республикасынын министрликтеринде, мамлекеттик комитеттеринде, администрациялык ведомстволорунда жана эуу бийлигинин башка органдарында кызматтык жеңил автомашиналарды пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-апрелиндеги № 137 токтомуна ылайык бекитилген лимиттин чектеринде 2002-жылы чыккан, кыймылдаткыч № 7024416, кузов № ХТА 3021650662 "ВАЗ-21213" маркасындагы автомашинаны Нарын райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын балансына белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |