КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 29-октябры № 622-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 281-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 5-пункттагы "өнүгүү жана соода" деген сөздөр "тескөө" деген сөзгө алмаштырылсын;
- көрсөтүлгөн буйрук менен түзүлгөн Ишкердик ишти жөнгө салуунун нормативдик укуктук базасын оптималдаштырууну жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамында:
"Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, комиссиянын төрагасы" позициясы төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен алмаштырылсын:
"Биринчи вице-премьер-министр, комиссиянын төрагасы";
бүткүл текст боюнча "өнүгүү жана соода" деген сөздөр "тескөө" деген сөзгө алмаштырылсын;
- көрсөтүлгөн буйрук менен бекитилген Ишкердик ишти жөнгө салуунун нормативдик укуктук базасын оптималдаштырууну жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын Жобосунун бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Экономикалык тескөө министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Премьер-министр | Д. Үсөнов |