Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 13-июну № 281-б
(КР Өкмөтүнүн
2009-жылдын 10-январындагы № 3-б, 2009-жылдын 6-майындагы № 197-б
2009-жылдын 29-октябрындагы № 622-б, 2009-жылдын 15-декабрындагы № 681-б,
2010-жылдын 12-январындагы № 5-б буйруктарынын редакциясына ылайык)
"Ишкердик иш-аракетин жөнгө салуунун нормативдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-июлундагы № 344 "Кыргыз Республикасында уруксат берүү - жөнгө салуу системасын оптималдаштыруу боюнча айрым чаралар жөнүндө" Жарлыгына ылайык:
1. Ишкердик иш-аракетин жөнгө салуунун нормативдик укуктук базасын оптималдаштырууну жүргүзүү боюнча Ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Ведомстволор аралык комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.
3. Ведомстволор аралык комиссия белгиленген тартипте эки айлык мөөнөттө төмөнкүлөрдү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин:
- ишкердик иш-аракетин жөнгө салуунун нормативдик укуктук базасын оптималдаштырууну жүргүзүүнүн биринчи этабынын башталыш мөөнөтүн аныктоо боюнча сунушту;
- "Ишкердик иш-аракетин жөнгө салуунун нормативдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын планынын долбоорун.
4. Аткаруу бийлигинин органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ишкердик иш-аракетин жөнгө салуучу нормативдик укуктук актылар боюнча жөнгө салуу таасирлерин талдоо методикасынын негизинде негиздемени даярдоо жана кароо үчүн ишмердиктин тийиштүү тармактарын көрсөтүүчү бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрүн тартуу менен жумушчу топторду түзүшсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо жана Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 281-б буйругуна тиркеме |
Ишкердик иш-аракетин жөнгө салуунун нормативдик
укуктук базасын оптималдаштырууну жүргүзүү боюнча
Ведомстволор аралык комиссиянын
КУРАМЫ
(КР Өкмөтүнүн
2009-жылдын 15-декабрындагы № 681-б, 2010-жылдын 12-январындагы № 5-б
буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри - ЕврАзЭСтеги атайын өкүл, комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин Жетекчисинин орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Инвестициялык кеңештин Секретариатынын жетекчиси, комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин лицензиялык иштерди жөнгө салуу жана жөнгө салуучу таасирди талдоо башкармалыгынын начальниги, комиссиянын катчысы.
Комиссия мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика тармактарын өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин эксперттик кызматтын жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын уюштуруу жана контролдук иштер кызматынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана башка мамлекеттик органдар менен байланыш боюнча секторунун башчысы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентинин Секретариатынын Эксперттик-аналитикалык камсыз кылуу кызматынын мониторинг жана баалоо тобунун жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын администрациялык реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук колдоо бөлүмүнүн башчысы;
Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы;
Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргызстандын Ишкерлер союзунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Кыргызстандын Рыноктор, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүү чөйрөсү ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Кыргызстандын Курулушчулар союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча);
Менеджерлер ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Кыргызстандын Банктар союзунун президенти (макулдашуу боюнча);
Бизнес-чөйрөнү жакшыртуу боюнча ЮСАИД долбоорунун директору (макулдашуу боюнча).
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси |
А.Карашев |